Казахские песни Узбекские песни

Песня «Байке дечи»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Байке дечи, аке дечи,
Ал сөзүңдү сагындым, бачым келчи.
Бүгүн келчи, азыр келчи,
Бүркөк асман дүйнөмдү, эй, ачып берчи.

Агай дечи, ага дечи,
Жаз күнүндөй жадырап, жайнап келчи.
Жалгыз келчи, өзүң келчи,
Азоо-улоо санаамды, эй, байлап берчи.

Байке дечи, аке дечи,
Ак куу болуп мен күткөн көлгө келчи.
Учуп келчи, сүзүп келчи,
Уйку качкан түнүңдү, эй, мага берчи.
Күмүш-алтын торуңдан,
Алтын-күмүш торуңдан качып келчи.

Другие песни исполнителя:

  • Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда, Маанисине түшүнбөй. Тагдыр экен, жаштык экен кантейин? Өттү ал кез түшүмдөй. Чыга калат «коюңуз” деп уялсаң, Ууртуңдан уячаң. Чыдай албай, моюнуңдан жыттаймын, Жаз гүлүндөй буралсаң. Кайырма: Кантип анан эзилбейм, карагатым? Капилеттен жоготтум да, кайра таптым. Бирде өбүп, бир өппөй, Көз жашыңды көрсөтпөй, Ийиниме башың жөлөп бара жаттың. Мен бул ырды токуганмын жаш кезде, Мазмунуна сүңгүбөй. Ал кездеги окуялар эсимде, Азыр ушул күнкүдөй. Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат, Бир көрүнүп, көрүнбөй. Эриндериң илебиме ыкталат, Кожагаттын өңүндөй. Кайырма: Бир мен өбүп, сен өппөй, Же сен өбүп, мен өппөй, Ийиниме башың жөлөп бара жаттың. Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың…
  • Бүгүн эле сени ойлодум Ак- Бууранын жээгин жээгин жээгин бойлодум Атаганат неге жөн жүргөн Жүрөгүмө тийбей тийбей тийбей ойнодуң Жытыңа мен неге тойбодум Ошол го дейм мени сойгонуң Азыр болсо түн түн түн ойдомун Кайырма: Курдашым түн түн түн Сырдашым түн түн түн Айланам түн түн түн Байлаганың түн түн түн Жан досум түн түн түн Кан досум түн Күнүм да түн үнүм да түн сүйүүм да түн Бүгүн эле сени эстедим Арашанды карап карап карап кечпедим таганат неге жөн жаткан Жан дүйнөмдү бастың бастың бастың тепседиң Каалагандай мени тескедиң Аз болгондой көңүл эзгениң Неге бүгүн түн түн түн сен кеч кирдиң
  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Сөз беремин жолукпаймын жолукпа Баары бүткөн курган сезим оолукпа Капысынан эл алдында кездешсек Бир сураныч жүрөгүмдү оорутпа Кайырма: Сен ошондо серт карабай аяп кой Сынып калган сезимдерим таяп кой Табалашып сүйүнбөсүн көргөндөр Арзыбаган саламга эле жарап кой Адашпагың сен да адашпа байкагың Жүрүп сага жарым жолдон кайтамын Кокусунан көпчүлүктө көрүшсөк Кечир мени башка эмне айтамын