Казахские песни Узбекские песни

Песня «Түн»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бүгүн эле сени ойлодум
Ак- Бууранын жээгин жээгин жээгин бойлодум
Атаганат неге жөн жүргөн
Жүрөгүмө тийбей тийбей тийбей ойнодуң
Жытыңа мен неге тойбодум
Ошол го дейм мени сойгонуң
Азыр болсо түн түн түн ойдомун

Кайырма:

Курдашым түн түн түн
Сырдашым түн түн түн
Айланам түн түн түн
Байлаганың түн түн түн
Жан досум түн түн түн
Кан досум түн
Күнүм да түн үнүм да түн сүйүүм да түн

Бүгүн эле сени эстедим
Арашанды карап карап карап кечпедим
таганат неге жөн жаткан
Жан дүйнөмдү бастың бастың бастың тепседиң
Каалагандай мени тескедиң
Аз болгондой көңүл эзгениң
Неге бүгүн түн түн түн сен кеч кирдиң

Другие песни исполнителя:

  • Даракта гүл болбосо өзөгү анын болот Сулуу эмес болсо дагы булбулдар ага конот Жолукпай жалгыз өткөн жашоомду барактаймын Көп күтүп анан сүйгөн мен дагы дарактаймын Кайырма: Мугалим кыз сага дайым арналайын Ыр болуп жазылайын гүл болуп ачылыйын Чычыңа тагылайын өмүрлүк жолдош болуп Өзүңө багынайын Мектептен келериңди мен күтүп сагынайын Сен бийик булут болсоң сен конор тоо болоюн Сен ыйык улар болсоң мен бийик зоо болоюн Мугалим кыз бактым сенде махабат деми менен Бүт калган өмүрүмдү жашайын сени менен
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, жаштык, жаштык, ай, Ай, курган мастык, ай. Өткөрдүк сени барктабай, Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка Келин алдым бугун болдум кайната Жубайым ай сен да болдуң кайнене Кел эми жай дасторконуң жайната Баккам сени нанды туурап каймакка Буламыкка балды салып кайната Кечээ эле атаң болчум жөн эле Мына эми сен кылдың мени кайната Бугун болдум кайната Кайырма: Бүтүп жылдар айлар да Бир парзымдан кутулдум Эми эс алам жайлата Эми мен да кайната Жар салгыла аймакка Кымыз ичем кыр кырда Кырк жылкыны байлата Канча сени чоң жигитсиң дебейин Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин Алган жарың болсун экен ак жолтой Бактылуу бол мен садагаң кетейин Бугун болдум кайната Кайырма:
  • Ойнотуп жүрөк кылдарын, Өзүңө келди ырдагым. Чыйырчык жакка бет алдым, Карабай Оштун ызгаарын. Жол узак али, сен кайда? Көкүрөк тартса, барбы айла? Өзүң да келсең болбойбу, Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга. Кайырма: Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө, Жайнап турат экен күлсө, жүрсө. Алайдын тоосу гүлгө бай, Келатам эңсеп күлчөтай. Зымырап Мады, Баш-Булак, Кыздары калды кол булгап. Күйөө бала экен дештиби, Ашуудан кымыз, бал сунат. Керемет жериң келишим, Датканын кызы, элисиң. Күч күйөө болуп турсам да, эй, Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин. Кайырма: Күлчөтай жасап камданып, Тосорсуң ысык нанды алып. Жылуу-Суудан өтүп баратам, Жакындап улам, жанданып. Жол узак экен, сен кайда? Көкүрөк тартса, барбы айла? Мен жакка дагы келерсиң сен, Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга. Кайырма: