Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көпөлөктөр»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сөзү, обону Бек Борбиев

Мен сени сагынамын
Экөөбүз эки башка
Мен сени ойлой берем
Билбеймин дагы канча
Түнөрүп күн батканча
Түрүлүп таң атканча
Мен сени сагынамын
Билбеймин дагы канча

Кайырма:
Күз келгенде учушпайт көпөлөктөр
Жаздагыдай гүл байлап канатына
Махабаттын кышына көнөлектер
Бурганакта жол издейт бакытына
А биз болсо бөлүнүп эки жакта
Жолдорубуз кайчылаш эки башка
Жомогубуз өзгөргөн эми башка

Сен дагы сагынарсың
Көп жакшы күндөр өткөн
Ичинден сызыларсың
Уктатпай түндөр өктөм
Күтөөрсүн сен да көктөм
Жамгырды жаба төккөн
Издейбиз сезимдердин, калган изин
Күнөөсүз көпөлөктөн

Другие песни исполнителя:

  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.
  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, Окуучулук өмүрүм деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап калганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим агайым, Кеч болсо да рахматымды айтайын. Кайырма:
  • Алдады мени ак сүйүүм, Алмашты менин сүйгөнүм. Тахмина сулуу бузбаган, Тазасы барбы сүйүүнүн? Кайырма: Тазасы барбы? Жалганы барбы? Жазганым барбы? Кайгысын эстеп ал күндүн, Чече албай сыздайм түйүнүн. Бегимай сулуу бузбаган, Бекеми барбы сүйүүнүн? Кайырма: Бекеми барбы? Жалганы барбы? Жазганым барбы? Булактай элең сен анда, Булгандың эми сузарда. Жеңил ой бийлеп өзүңдү, Жеңилдиң беле кумарга? Кайырма: Жеңилдиң беле? Кейисең деле, Кечирбейт белем?