Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кош бол Айгуль»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ак сүйүүлөр арналып, Кимдер турмуш курбаган. Бирөө сүйүп, уурдатып, Бирөө сүйүп, уурдаган. Махабатым ушундай, Азоо болот турбайбы, Ортодогу жашка, бүлөгө, Такыр көңүл бурбайбы. Кайырма: Садагам, сени сүйсө сүйөр менчелик, Сүйө албас билем мени эч ким сенчелик. Биз барчу көп кырлар бар, Сен кичүү, көп жылдар бар, Ортодо ошол, ошол, ошол кемчилик. Шыбыр айтсам сүйүүңдү, А мен созом ырымда. Сен ачылган гүл болсоң, А мен кырктын кырында. Тагдыр деген ушундай, Таш боор болот турбайбы. Сүйгөндөрдүн баарын бактылуу Боло турган кылбайбы. Бак болор бар турбайбы, мага сенчелик, Бактылуу болсо болор эми менчелик. Сен ашчу көп кырлар бар, Сен кичүү көп жылдар бар, Ортодо ошол, ошол, ошол кемчилик.
  • Сагынычтын ыза деми, Жамгыр болуп себелеген. Сага болгон кусалыгым, Жан дүйнөмдү тебелеген. Жоолугумду бекем байлап, Жолугууга эртелеген. Жоодур көзүң көргөнүмдө, Жаным, сага эркелегем. Кайырма: Бул кез он жыл, он жыл мурда, Болгон эле. Сага он сегиз, он сегиз жаш, Толгон эле. Он жыл мурда болгон эле, Сага он сегиз жаш толгон эле. Бул кез он жыл, он жыл мурда, Болгон эле. Узап кетип сенден алыс, Кайра артка кайткан күнүм. Өмүрлүккө колуп сунуп, Жарым бол деп айткам бүгүн. Унутамын кантип аны? Жарың болом, макул дегем. Экөөбүздү бөлүп тынды, Кыйын тура турмуш деген. Кайырма:
  • Коп жылдар жашап, шаарыма өз болуп көнгөнмүн А бирок, баары бир жүрөктүн түбүндө өзгөмүн. Кыйнады эңсетип, кайтпайт го туйлаган көкүрөк Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнүм. Кайырма: Айда такси, айда, тоолор жактарга Ооруду көңүлүм, жүрөктө жарака. Сагынычым айтайын, мен кусалыгым айтайын Ак карларга, аскаларга, арчаларга. Көп элге бир болуп, шаардын турмушун кечемин Жумуш көп билбеймин, жайлоого мен качан жетемин. Түшүмдө дагы эле, таятам токуган күлүккө Кымыздан артынып, жылкыны көздөй кетемин. Кайырма: Ооба, мен ал кезде токтолдум, башкача өзгөрүп А бирок, ошол кезде тоо сүйүп, дагы эле көздөрүм. Сыймыктанам, кубаттанам, анткени мен тоолукмун Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнмүн. Кайырма:
  • Эртелеп келатканда баштап көчтү Тагдырдын таш бор ташы капыс көчтү Дүйнөсү конторулуп ыйлайт апам Мен үчүн ата деген жылдыз өчтү Кайырма: Асманды чартка айланып шумкар калды Азоонуп жайнактанган тулпар калды Аттин ай мөмөлөрүң төгүп бышкан Атаке өзүң баккан багың калды Кош ата эл аралар эшиң калды Өстүргөн сен ишенген кишиң калды Турмуштун өзү күрөш билем ата Эл айтар эл ичинде изиң калды Жөнөкөй карапайым элең ата Жүлөгүм дале сенсиң сенсиң ата Алыскы сапарыңа кете бердиң Камчыдай бек болгуң деп берип бата