Казахские песни Узбекские песни

Песня «Садагам»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак сүйүүлөр арналып,
Кимдер турмуш курбаган.
Бирөө сүйүп, уурдатып,
Бирөө сүйүп, уурдаган.
Махабатым ушундай,
Азоо болот турбайбы,
Ортодогу жашка, бүлөгө,
Такыр көңүл бурбайбы.

Кайырма:

Садагам, сени сүйсө сүйөр менчелик,
Сүйө албас билем мени эч ким сенчелик.
Биз барчу көп кырлар бар,
Сен кичүү, көп жылдар бар,
Ортодо ошол, ошол, ошол кемчилик.


Шыбыр айтсам сүйүүңдү,
А мен созом ырымда.
Сен ачылган гүл болсоң,
А мен кырктын кырында.
Тагдыр деген ушундай,
Таш боор болот турбайбы.
Сүйгөндөрдүн баарын бактылуу
Боло турган кылбайбы.

Бак болор бар турбайбы, мага сенчелик,
Бактылуу болсо болор эми менчелик.
Сен ашчу көп кырлар бар,
Сен кичүү көп жылдар бар,
Ортодо ошол, ошол, ошол кемчилик.

Другие песни исполнителя:

  • Сөз беремин жолукпаймын жолукпа Баары бүткөн курган сезим оолукпа Капысынан эл алдында кездешсек Бир сураныч жүрөгүмдү оорутпа Кайырма: Сен ошондо серт карабай аяп кой Сынып калган сезимдерим таяп кой Табалашып сүйүнбөсүн көргөндөр Арзыбаган саламга эле жарап кой Адашпагың сен да адашпа байкагың Жүрүп сага жарым жолдон кайтамын Кокусунан көпчүлүктө көрүшсөк Кечир мени башка эмне айтамын
  • Кабагыңда ажарыңда айдын сыны бар беле Жамалыңда жанарыңда жаздын сыры бар беле Кыялдарда санааларда мен толкуймун кайыктай Сен жөнүндөбү сан ойлордон мен калдым окшойт айыкпай Кайырма: Сен дедим мен сен дедим Сен болбосоң ким дедим Сезимдерге гүлдөй оролгон Сени гана теңдедим Көңүлүмдө жүрөгүмдө гүлдүн сыры бар беле Күлгөнүңдө жүргөнүңдө күндүн сыны бар беле Сага арналган махабаттын жээгин бассам утурлай Сен жөнүндөгү сезимдерден мен калдым окшойт кутулбай