Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сирена»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, Окуучулук өмүрүм деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап калганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим агайым, Кеч болсо да рахматымды айтайын. Кайырма:
  • Сөзү, обону Бек Борбиев Мен сени сагынамын Экөөбүз эки башка Мен сени ойлой берем Билбеймин дагы канча Түнөрүп күн батканча Түрүлүп таң атканча Мен сени сагынамын Билбеймин дагы канча Кайырма: Күз келгенде учушпайт көпөлөктөр Жаздагыдай гүл байлап канатына Махабаттын кышына көнөлектер Бурганакта жол издейт бакытына А биз болсо бөлүнүп эки жакта Жолдорубуз кайчылаш эки башка Жомогубуз өзгөргөн эми башка Сен дагы сагынарсың Көп жакшы күндөр өткөн Ичинден сызыларсың Уктатпай түндөр өктөм Күтөөрсүн сен да көктөм Жамгырды жаба төккөн Издейбиз сезимдердин, калган изин Күнөөсүз көпөлөктөн
  • Татымың тоонун балы, Аселдейим, Сүйөмүн, балким, алыс сезилбейин. Арзуумду аягандай туюлармын, Ичимден канча сага эзилбейин. Кайырма: Эзилбейин, эзилбейин, Аселдейим, Тоо булагы аккандай, Алма бүчүр ачкандай, Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм. Жаздын таңы аткандай, Булбул гүлүн тапкандай. Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм. Жыпарың тоонун балы, Аселдейим, Түшүнүп, ишен, башка эмне дейин? Түбөлүк эриш–аркак бололу бир, Жоготуп такыр сени издебейин, Издебейин, издебейин, Аселдейим. Кайырма: Тоо булагы аккандай, Алма бүчүр ачкандай, Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм. Жаздын таңы аткандай, Булбул гүлүн тапкандай. Айга Чолпон жаккандай, Мен сени сүйөм.
  • Тагдыр мага татаалданды, Бороондоду, катаалданды. Сагынычым да жан дүйнөмө, Сыйбай койду, бата албады. Кайырма: Калган кезде күүгүм байлап, Боз жоргомду минип жайдак. Сезимдерди сени көздөй, Келем айдап… Келем дедиң, келбей койдуң, Билер дедим, сен сезбей койдуң. Жүрөк отун сурап алып, Кайтып неге бербей койдуң? Кайырма: Келсең эгер нетер элем, Ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, Балким баарын кечер элем. Кайырма: