Казахские песни Узбекские песни

Песня «Боз жорго»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тагдыр мага татаалданды,
Бороондоду, катаалданды.
Сагынычым да жан дүйнөмө,
Сыйбай койду, бата албады.

Кайырма:
Калган кезде күүгүм байлап,
Боз жоргомду минип жайдак.
Сезимдерди сени көздөй,
Келем айдап…

Келем дедиң, келбей койдуң,
Билер дедим, сен сезбей койдуң.
Жүрөк отун сурап алып,
Кайтып неге бербей койдуң?
Кайырма:

Келсең эгер нетер элем,
Ээрчип сени кетер белем?
Сенсиз курган турмушумду,
Балким баарын кечер элем.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көп ичинен сага окшош көрүнсө, Мен да караймын. Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө, Мен да самаймын. Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын, Билбей кадырын. Азыр дагы куса болуп сагынам, Мен да самаймын, Эңсеп самаймын. Кайырма: Биздин сүйүү жашап калган ырларда, Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга. Кечир эми, сүйүү гүлү буралган, Кейитпечи, термелбечи, ыргалба. Кечиктик биз, эми башка арга жок, Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда. Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң? Издеп жүрөмүн. Мен атамын, сен да балким, энесиң? Башка бүлөнүн. Тагдыр бизди жолуктурса капилет, Эгер капилет. Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн, Мен да күлөмүн, Мен да күлөмүн… Кайырма:
  • Ынтымагы жок тарыхта көп элдер Кырылып кеткен жоголуп Кагаанаты да эли да жери да Таланып кеткен тонолуп А мен кыргызмын мекеним Кыргызстан Өнүгүп өс гүлдө жаша А мен кыргызмын бир эл туубуз бар Манастан калган асаба Кайырма: Бир бол кыргыз элим бир бол Бөлүнбө бизде бир жол Эгемен асманыбыз Ала-Тоо мурасыбыз Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол Жеңиште кыргыз бир бол Бир келсе бирөө урууга эл жерге Билип кой ыркын бузганың Бийик койгон бар бийлигиң байлыгың Билип кой кыргыз душманың Бабадан калган асыл ой ак сөздү Замандап болсун урпагың Кыргызстаным көкөлөй берсин Үч миң жыл кийген калпагын Бир бол Кыргызстан бир бол Бөлүнбө бизде бир жол Ашууда кыргыз бир бол Ызгарда кыргыз бир бол Ак илбирс бириң мекен тут диниң Сактагын кыргыз тилин Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол Жеңиште кыргыз бир бол
  • Кирпигиңе кирпик кошпо, кереги не? Табигаттан сулуулукту берген болсо Эриниңди боеп койдуң, себеби не? Шириндигиң сүйүктүңө билген болсо. Кайырма: Боенбой кел, боенбой Сулууланып коендой. Ырдаласың жүрөктөн Жаңы чыккан обондой. Ошондой жаным, ошондой Ырдашабыз озондой Боегу жок чындык өзү ошондой. Атырыңды себинбечи, кереги жок Сагындым го мен өзүңдү, жыпарыңды. Бар нукура сулуулугуң, куюп койчу Анан кара, кантип сени жутаарымды. Кайырма: