Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир бол»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ынтымагы жок тарыхта көп элдер
Кырылып кеткен жоголуп
Кагаанаты да эли да жери да
Таланып кеткен тонолуп
А мен кыргызмын мекеним Кыргызстан
Өнүгүп өс гүлдө жаша
А мен кыргызмын бир эл туубуз бар
Манастан калган асаба

Кайырма:

Бир бол кыргыз элим бир бол
Бөлүнбө бизде бир жол
Эгемен асманыбыз
Ала-Тоо мурасыбыз
Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол
Жеңиште кыргыз бир бол

Бир келсе бирөө урууга эл жерге
Билип кой ыркын бузганың
Бийик койгон бар бийлигиң байлыгың
Билип кой кыргыз душманың
Бабадан калган асыл ой ак сөздү
Замандап болсун урпагың
Кыргызстаным көкөлөй берсин
Үч миң жыл кийген калпагын

Бир бол Кыргызстан бир бол
Бөлүнбө бизде бир жол
Ашууда кыргыз бир бол
Ызгарда кыргыз бир бол
Ак илбирс бириң мекен тут диниң
Сактагын кыргыз тилин
Тынчтыкка бир бол жоо келсе бир бол
Жеңиште кыргыз бир бол

Другие песни исполнителя:

  • Кирпигиңе кирпик кошпо, кереги не? Табигаттан сулуулукту берген болсо Эриниңди боеп койдуң, себеби не? Шириндигиң сүйүктүңө билген болсо. Кайырма: Боенбой кел, боенбой Сулууланып коендой. Ырдаласың жүрөктөн Жаңы чыккан обондой. Ошондой жаным, ошондой Ырдашабыз озондой Боегу жок чындык өзү ошондой. Атырыңды себинбечи, кереги жок Сагындым го мен өзүңдү, жыпарыңды. Бар нукура сулуулугуң, куюп койчу Анан кара, кантип сени жутаарымды. Кайырма:
  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.
  • Күнүм болуп дүнүйөмө баттыңбы Жүрөгүмө баттыңбы Сүйүү биздин бал ширинсин таттыңбы Көңүлүмө таттыңбы Мен тарапка дайра болуп агылып Дайра болуп актыңбы Сезимдерге жазып койдум саймалап Жаздым сенин атыңды Кайырма: Бүгүн жаным башкача бол башкача Ташкындачы өз нугунан ашканча Жоголушсун үзүлүшсүп топчулар Жомок бүтүп сүйүү таңын ашканча Сүйүү таңын ашканча Түн жамынып жаным келе жатканың Мага неге айтбадың Ишигилип бал уйкуда жатканмын Кайра неге кайтбадың Сезимдердин терезесин черткилеп Терезесин аттадың Сагындым деп моюнума оролдуң Ошондо болду айтканың
  • Күч бирдикте бир жүрөлү, замандаш, эй, замандаш, Күн өткөрүп күлкү, ырга аралаш, эй, аралаш. Жаныңдагы мүдүрүлүп чалынса, эй, чалынса, Жардам кылып жараатына каралаш. Кайырма: Ал менин досум, сенин да досуң, Ал менин досум, сенин да досуң, Достугубузга, замандаштар, Ырыскы толсун, бак-таалай консун. Кызгалдактай ачылат, эй, ачылат, Кол кармашып бир ойнойлу, кел, досум. Улуу турса урмат кылып амандаш, эй, амандаш, Кичүүлөргө сый бололу, замандаш, эй, замандаш. Капыс бирөө жаза басып чалынса, эй, чалынса, Болбойт аны “акылсыз” деп жамандаш. Кайырма: Дасторкондо желип бүтсө тамак-аш, эй, тамак-аш, Бата кылбай туруп кетпе, замандаш, эй, замандаш. Ата Журттун үрп-адатын сактаса, эй, сактаса, Болбойт аны “эскиси” деп мазакташ. Кайырма: