Казахские песни Узбекские песни

Песня «Замандаш»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күч бирдикте бир жүрөлү, замандаш, эй, замандаш,
Күн өткөрүп күлкү, ырга аралаш, эй, аралаш.
Жаныңдагы мүдүрүлүп чалынса, эй, чалынса,
Жардам кылып жараатына каралаш.

Кайырма:
Ал менин досум, сенин да досуң,
Ал менин досум, сенин да досуң,
Достугубузга, замандаштар,
Ырыскы толсун, бак-таалай консун.
Кызгалдактай ачылат, эй, ачылат,
Кол кармашып бир ойнойлу, кел, досум.

Улуу турса урмат кылып амандаш, эй, амандаш,
Кичүүлөргө сый бололу, замандаш, эй, замандаш.
Капыс бирөө жаза басып чалынса, эй, чалынса,
Болбойт аны “акылсыз” деп жамандаш.
Кайырма:

Дасторкондо желип бүтсө тамак-аш, эй, тамак-аш,
Бата кылбай туруп кетпе, замандаш, эй, замандаш.
Ата Журттун үрп-адатын сактаса, эй, сактаса,
Болбойт аны “эскиси” деп мазакташ.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Айтам ырдап, сүйүп калдым бир Айдай Арманымды, бакытымды биле албай. Жаш балача азгырылам өзүңө Жалын сезим акылыма тил албай Жалын сезим акылыма тил албай Акылыма тил албай, акылыма койду тил албай. Кайырма: Колдобайдай ой ордоомдо болгонуң Ошондо мен купулума толгонмун. Кучагымдан эми кантип чыгарам Кой десем сен болбодуң, болду десем койбодуң, Койгун десем неге болбодуң. Тагдыр мага баштап атат ушундай Томоголойт мүнүшкөрдүн тушундай. Балким сулуу, жолукпасаң сен мага Дайра — нуктар калмак беле бузулбай. Дайра — нуктар калмак беле бузулбай Калмак беле бузулбай, калмак беле балким бузулбай. Кайырма: Алга барам мен тагдырга таарынбайм Кербенчинин жүк көтөргөн нарындай. Балким сулуу, жаш кезимде жолуксаң Чырайыңа коймок белем багынбай. Чырайыңа коймок белем багынбай Коймок элем багынбай, коймок элем балким багынбай. Кайырма: