Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айдай»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айтам ырдап, сүйүп калдым бир Айдай
Арманымды, бакытымды биле албай.
Жаш балача азгырылам өзүңө
Жалын сезим акылыма тил албай
Жалын сезим акылыма тил албай
Акылыма тил албай, акылыма койду тил албай.

Кайырма:
Колдобайдай ой ордоомдо болгонуң
Ошондо мен купулума толгонмун.
Кучагымдан эми кантип чыгарам
Кой десем сен болбодуң, болду десем койбодуң,
Койгун десем неге болбодуң.

Тагдыр мага баштап атат ушундай
Томоголойт мүнүшкөрдүн тушундай.
Балким сулуу, жолукпасаң сен мага
Дайра нуктар калмак беле бузулбай.
Дайра нуктар калмак беле бузулбай
Калмак беле бузулбай, калмак беле балким бузулбай.
Кайырма:

Алга барам мен тагдырга таарынбайм
Кербенчинин жүк көтөргөн нарындай.
Балким сулуу, жаш кезимде жолуксаң
Чырайыңа коймок белем багынбай.
Чырайыңа коймок белем багынбай
Коймок элем багынбай, коймок элем балким багынбай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Токточу, жигит, Айтайын, сенде бар бир сөзүм. Мен сенден коркпоймун, Сен антип кабакты түйбөгүн. Билемин байлык бар, Кыздарың башка дагы көп. Бирок, ал кызга тийбегин, Ал кызга тийбегин, Анткени ал менин сүйгөнүм. Кайырма: Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм, Болду келбей жүргүн. Жигити бар экен деп, Эми сен билип жүргүн. Дүрүдүм, дүрү-дүрүдүм, Дүрү-дүм-дүм. Билемин, байлыкка, Сен алып баарын көнгөнсүң. Оту жок жалынга, Калп эле кыйналып күйбөгүн. Сен жигит таң калба, Ал үчүн даярмын мен баарына, Анткени ал менин, Анткени ал менин сүйгөнүм. Кайырма:
  • Сенин гана жыпарыңды, Тоо гүлүнөн искегем. Сенде гана аруулук бар, Дүйнөдө мен издеген. Жарк дей түшсө мага жамалың, Албырамын билбей амалын. Мен жаза элек мукам кайрыкты, Карегиңден табамын. Кайырма: Менин сүйүүм каркыра, Сага учат талпына. Ай-күнүмдөй ашыгым, Асманымда жаркыра. Экөөбүздү кошуп, бөлбөгөн, Ушул күндөр алтын а. Жаным сага дайра бойлоп, Келем терип бүлдүркөн. Жаным, сага жазам дастан, Бүтпөс күндүр-түндүртөн. Арбайт мени айдай жамалың, Азгырылам билбей амалын. Мен уга элек мукам обонду, Көздөрүңдөн табамын. Кайырма: