Казахские песни Узбекские песни

Песня «Боенбой кел»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кирпигиңе кирпик кошпо, кереги не?
Табигаттан сулуулукту берген болсо
Эриниңди боеп койдуң, себеби не?
Шириндигиң сүйүктүңө билген болсо.

Кайырма:
Боенбой кел, боенбой
Сулууланып коендой.
Ырдаласың жүрөктөн
Жаңы чыккан обондой.
Ошондой жаным, ошондой
Ырдашабыз озондой
Боегу жок чындык өзү ошондой.

Атырыңды себинбечи, кереги жок
Сагындым го мен өзүңдү, жыпарыңды.
Бар нукура сулуулугуң, куюп койчу
Анан кара, кантип сени жутаарымды.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көп ичинен сага окшош көрүнсө, Мен да караймын. Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө, Мен да самаймын. Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын, Билбей кадырын. Азыр дагы куса болуп сагынам, Мен да самаймын, Эңсеп самаймын. Кайырма: Биздин сүйүү жашап калган ырларда, Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга. Кечир эми, сүйүү гүлү буралган, Кейитпечи, термелбечи, ыргалба. Кечиктик биз, эми башка арга жок, Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда. Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң? Издеп жүрөмүн. Мен атамын, сен да балким, энесиң? Башка бүлөнүн. Тагдыр бизди жолуктурса капилет, Эгер капилет. Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн, Мен да күлөмүн, Мен да күлөмүн… Кайырма:
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, жаштык, жаштык, ай, Ай, курган мастык, ай. Өткөрдүк сени барктабай, Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Бул өмүрдүн дал ортосун, Отуз жаш деп аташат. Бул өмүрдө кимге кайгы, Кимге, кимге күлкү, шат. Мына курбум, биз да эми, Отуз жашка барабыз. Отуз жашка эй барабыз, Отуз жашка ээ-эй барабыз… Кыз-келиндин көп сырлары, Отуз жашта ачылат. Эр-жигиттин жетилгенин, Отуз жаш деп аташат. Өкүнбөгүн, карыдык деп, Эми күчкө толобуз. Эми күчкө эй толобуз, Эми күчкө ээ-эй толобуз… Отуз жаш бул – орчундуу кез, Күүгүм дебей ойногон. Отуз жаш бул – жалындуу кез, Ыр-күлкүгө тойбогон. Ырда, досум! Күлгүн, досум, Текке өмүр кетпесин. Бекер өмүр эй өтпөсүн, Текке өмүр ээ-эй кетпесин.