Казахские песни Узбекские песни

Песня «БИЗДИН СУЙУУ»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп ичинен сага окшош көрүнсө,
Мен да караймын.
Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө,
Мен да самаймын.
Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын,
Билбей кадырын.
Азыр дагы куса болуп сагынам,
Мен да самаймын,
Эңсеп самаймын.

Кайырма:

Биздин сүйүү жашап калган ырларда,
Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга.
Кечир эми, сүйүү гүлү буралган,
Кейитпечи, термелбечи, ыргалба.
Кечиктик биз, эми башка арга жок,
Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда.

Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң?
Издеп жүрөмүн.
Мен атамын, сен да балким, энесиң?
Башка бүлөнүн.
Тагдыр бизди жолуктурса капилет,
Эгер капилет.
Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн,
Мен да күлөмүн,
Мен да күлөмүн…

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.
  • Эркелечи эркем менин эркеледиң Эмне болду шашылдың не эртеледиң Эртең кайтып келбээриңди билсең дагы Эшигимди ачык таштап кете бердиң Кайырма: Жүрөгүмдө махабаттын деңизи бар Деңизимде дал өзүңдөй эгизиң бар Ал элесиң түбөлүккө мени менен Ошундуктан бул жашоомдун деңизи бар Кетпегенде олтурмаксың канатыма Бармак элек сезимдердин жаннатына Таза аруу сүйүүнү айтып жүрүп Сен акыры жан дүйнөмдү канаттың аа Күлкүчүмсүң күлүп койчу күлүп жүрчү Талкаладың сүйүүбүздү сен ким үчүн Ай жүзүндөн бакыт нуру жанып турчу Кымбаттыгын ал күндөрдүн эми түшүн
  • Искеймин алма гүлдөр шактарынан Издеймин Алыкулдун саптарынан. Жазылсын кусалыгым, күлүп койчу Жарк этип жылдыздардын катарынан Жарк этип жылдыздардын катарынан. Кайырма: Мажүрүм чачтарың таранганда Жашылдан жоолугуң салынганда. Карекке көз жаштан мончок тагып Мен сени ошондо сагынгам да. Мен сени ошондо, мен сени ошондо Сагынганда. Табышмак табигаттын сырларында Жаңырып Асанкалый ырларында. Жан биргем, жан дүйнөмө кирип келчи Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай. Кайырма: