Казахские песни Татарский переводчик Башкирские песни

Песня «Сен дедим»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

00:00/00:00

Текст песни:

Кабагыңда ажарыңда айдын сыны бар беле
Жамалыңда жанарыңда жаздын сыры бар беле
Кыялдарда санааларда мен толкуймун кайыктай
Сен жөнүндөбү сан ойлордон мен калдым окшойт айыкпай

Кайырма:

Сен дедим мен сен дедим
Сен болбосоң ким дедим
Сезимдерге гүлдөй оролгон
Сени гана теңдедим
Көңүлүмдө жүрөгүмдө гүлдүн сыры бар беле
Күлгөнүңдө жүргөнүңдө күндүн сыны бар беле
Сага арналган махабаттын жээгин бассам утурлай
Сен жөнүндөгү сезимдерден мен калдым окшойт кутулбай

Другие песни исполнителя:

  • Капыстанып бир коз карашына мнеге арбалдым Жанылыш беле турганым бирок кармалдым. Жанымда башка эч ким жок башка эч ким жок Келди окшойт жалгыз коз ирмем сага арнадым. Кайырма: Берилип бир соз айта албай, Дилинден башка байкалбай Карадын карадын карадын ай. Мемиреп толгон ай белен Мен бойдок кезде кайда элен Карагым карагым карагым ай. Алыстан жарк деп алтындай Башкадан сурдоп жалтанбай. Карадын карадын карадын ай Эми мен айтчы не кылам. Эмеспи азыр боз улан Карагым карагым карагым ай. Алдыма келди керемет Сулуулук боен коз Мунозун ачык кулкучуу Кыялын моен кеч Омурун отсун жайдары Жашоон жайдары Жаштыгын турат жарашып Кандай сонун кез
  • Айла жоктон неттим ай, Акылымдан кеттим ай. Сүйүп калып сени, Эркинай. Жолдоп айтып болгонун, Жолболдудай Чолпонум, Сен деп ырдайм Мен да, Эркинай. Кайырма: Аттиң, неге жолуктуң? Сени алам деп оолуктум, Улуу кызым окуп калганда. Үчүнчүсү төрөлүп, Ак бешикке бөлөнүп, Ортончусу басып калганда. Тоодой ойлуу торгоюм, Токтогулдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Ырга салып торгоюм, Ырыспайдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Кайырма: Бирге турсам жанашпай, Бирге бассам жарашпай, Каламынбы сага, Эркинай? Албырып күйгөн чырактай, Арманым деп Чубактай, Каламынбы же мен, Эркинай?
  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.