Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айда такси»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Коп жылдар жашап, шаарыма өз болуп көнгөнмүн
А бирок, баары бир жүрөктүн түбүндө өзгөмүн.
Кыйнады эңсетип, кайтпайт го туйлаган көкүрөк
Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнүм.

Кайырма:
Айда такси, айда, тоолор жактарга
Ооруду көңүлүм, жүрөктө жарака.
Сагынычым айтайын, мен кусалыгым айтайын
Ак карларга, аскаларга, арчаларга.

Көп элге бир болуп, шаардын турмушун кечемин
Жумуш көп билбеймин, жайлоого мен качан жетемин.
Түшүмдө дагы эле, таятам токуган күлүккө
Кымыздан артынып, жылкыны көздөй кетемин.
Кайырма:

Ооба, мен ал кезде токтолдум, башкача өзгөрүп
А бирок, ошол кезде тоо сүйүп, дагы эле көздөрүм.
Сыймыктанам, кубаттанам, анткени мен тоолукмун
Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнмүн.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бирде жүрөктөн, бирде өрттөн Жазган катымды. Атай албайм, жаза албайм Сенин атыңды. Билсең мага жагаарыңды, Түшүнмөксүң абалымды Көтөрбөстөн баркыңды. Кайырма: Сумсайтпастан сунган колду Ак сүйүүмдү билсең болду. Улагага отурамын Уйкусурап карап жолду. Менден качпа, тетир баспа Салба артыңды. Сүйүп алам, сыйлап алам Сендей алтынды. Толуктачы катарымды, Кошчу турмуш сапарыңды Көкөлөтпөй баркыңды. Кайырма: Билип койчу, угуп койчу Берем антымды. Ырлар жазып чыгарамын Сенин даңкыңды. Бийик болсоң, бийик сүйөм, Жан дүйнөңдү ийип сүйөм Көтөрө бер баркыңды. Кайырма:
  • Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле, Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле. Жалыны жок, мокогон мен — айдоочунун, Жүрөгүнө чок салган кандай жан элең? Кайырма: Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле, Унчукпадым, жанында энеси бар эле. Айдан түшкөн кыз эле, айдын кызы эле, Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле. Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган, Алтын күлкү селкилер көңүл бурбаган. Жалган беле, чын беле узап кетерде, «Көрүшөбүз го” деген сенин убадаң? Салкын убадаң? Кайырма: