Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кереги жок» исполнителя Бек Борбиев. Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Махабат – зор мейкиндик,
Булуту жок, көпкөк асман.
Махабат – караңгы түн,
Кээде дайра, толкуп, ашкан.
Махабат — туйбаганга,
Аны сезе билбегенге.
Ал азап, ал адашуу,
Ажырашуу, ачуу арман.

Кайырма:

Сен, сен сезими жок,
Мерез болсоң сүйүүгө мээримиң жок.
Гүл, гүл, гүл болсоң да,
Сулуулугуң эч кимге кереги жок.

Мамилең мага болгон,
Чөлдөн кургак, кыштан муздак.
Кирдеди махбатым,
Гүлдөй куурап, кетти урап.
Көп жашап көнгөнүңдөн,
Кетүү кандай өкүнүчтүү?
Бир кезде жанган сезим,
Калды ыйлап, калды узак.

Кайырма:
Поделиться: VK TG WA OK
Встроить на сайт

Другие песни исполнителя:

  • Ай мончок шурум бар мойнумда Айылым тоолордун койнунда. Айыкпас дарт кылып жүрөгүңө Чок салып койдум да, От салып койдум да, эй койнуңа. Кайырма: Эки бетиң кызыл тегерек Боз жоргом бар, азоо тебенээк. Ары толук сендей сулууга Айтчы, андан башка не керек? Түз эле айылыңа бардым да Сөз айттым курбу-кыздар алдында Жылмайып аста чечип калпакты Сүйдүрүп алдым да Күйдүрүп алдым да, эй алдыңда. Кайырма:
  • Даракта гүл болбосо өзөгү анын болот Сулуу эмес болсо дагы булбулдар ага конот Жолукпай жалгыз өткөн жашоомду барактаймын Көп күтүп анан сүйгөн мен дагы дарактаймын Кайырма: Мугалим кыз сага дайым арналайын Ыр болуп жазылайын гүл болуп ачылыйын Чычыңа тагылайын өмүрлүк жолдош болуп Өзүңө багынайын Мектептен келериңди мен күтүп сагынайын Сен бийик булут болсоң сен конор тоо болоюн Сен ыйык улар болсоң мен бийик зоо болоюн Мугалим кыз бактым сенде махабат деми менен Бүт калган өмүрүмдү жашайын сени менен
  • Адам таппай турам таарына, Түшүндүрөт мени баарына. Атасынын кызы чоңоюп, Тескелиптир жоолук салына. Кайырма: Кызым, асмандагы жылдызым, Кызым, жакамдагы кундузум. Кызым, атасынын эркеси, Айым, кунум, менин нур кызым. Баскан сайын, кадам арыйт го, Барган жерден багы ташыйт го. Узаганда кылчайба кызым, Атаң бүгүн бир аз жашыйт го. Кайырма: Түшүнбөстүк бакыт болбосун, Жаратканым дайым колдосун. Жүрөгүмдүн колуңа куда Бүгүн үзүп бердим толтосун.

Похожие исполнители