Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алдаба»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе,
Күйдүрүп жүрөсүң неге?
Үзүлчөөк биздин мамиле,
Элдерге окшобойт неге?

Сөзүңдү албадың беле,
Сүйөм деп калбадың беле.
Телефон кылам деп анан,
Күттүрүп чалбадың неге?
Чалбадым неге?

Кайырма:
Алдаба, алдаба сен,
Чалбадың не, чалбадың го сен?
Алдаба, алдабайм мен,
Чаламын деп, чала албадым мен.

Кечир деп барбадым беле,
Кечиримди албадым беле.
Чакырсам жолугушууга,
Келемин деп калбадың беле.
Элдердей жүрбөйбүз неге?

Сүйүүбүз от албайт неге?
Барам деп чыгынып жатып,
Чын эле, барбадым неге?
Келбедиң неге?
Кайырма:

Алдадым, алдадым мен,
Барбадым мен, барбадым го мен.
Алдаба, алдаба сен,
Келемин деп, келбедиң го сен.

Алдадым, алдадым мен,
Жаманмын, жакшысың сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жакшысың, жаманмын мен.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөмүн сага телефон чала албай, А-ха а-ха а-ха. Жүйөлүү себеп ага мен таба албай, А-ха а-ха а-ха. Кыйын деле эмес чалыңыз агатай, А-ха а-ха а-ха. Сурасаңыз болот жөн эле аба ырай, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кечти ырга шаңга бөлөйүн, Камынайын мен да чачты өрөйүн. А-ха а-ха а-ха Кайырма: Жүрөгүм бүгүн дүгүдүк, Сезим ой- санаа сени көздөй жүгүрүп. Түнөргөн асман түрүлүп, Жылдыздар түштү айланага күбүлүп. Дүгүдүк дүгүдүк, Дүгү дүгү дүк. Жүрөгүм менин дүкүдүк. Арманга батып кыйнабай көмөкөй, Ооба ооба ооба. Айтыныз баарын мен кызмын жөнөкөй, Ооба ооба ооба. Мен үчүн өзүң кол жеткис каныша, Мм мм мм. Аламбы билбейм жакындан тааныша, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кийип барайын ак көйнөгүмдү, Тартуу кылам анда аппак гүлүмдү. А-ха а-ха а-ха Кайырма:
  • Күч бирдикте бир жүрөлү, замандаш, эй, замандаш, Күн өткөрүп күлкү, ырга аралаш, эй, аралаш. Жаныңдагы мүдүрүлүп чалынса, эй, чалынса, Жардам кылып жараатына каралаш. Кайырма: Ал менин досум, сенин да досуң, Ал менин досум, сенин да досуң, Достугубузга, замандаштар, Ырыскы толсун, бак-таалай консун. Кызгалдактай ачылат, эй, ачылат, Кол кармашып бир ойнойлу, кел, досум. Улуу турса урмат кылып амандаш, эй, амандаш, Кичүүлөргө сый бололу, замандаш, эй, замандаш. Капыс бирөө жаза басып чалынса, эй, чалынса, Болбойт аны “акылсыз” деп жамандаш. Кайырма: Дасторкондо желип бүтсө тамак-аш, эй, тамак-аш, Бата кылбай туруп кетпе, замандаш, эй, замандаш. Ата Журттун үрп-адатын сактаса, эй, сактаса, Болбойт аны “эскиси” деп мазакташ. Кайырма:
  • Сөз беремин жолукпаймын жолукпа Баары бүткөн курган сезим оолукпа Капысынан эл алдында кездешсек Бир сураныч жүрөгүмдү оорутпа Кайырма: Сен ошондо серт карабай аяп кой Сынып калган сезимдерим таяп кой Табалашып сүйүнбөсүн көргөндөр Арзыбаган саламга эле жарап кой Адашпагың сен да адашпа байкагың Жүрүп сага жарым жолдон кайтамын Кокусунан көпчүлүктө көрүшсөк Кечир мени башка эмне айтамын
  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Түшүндүрүп кантип айтам,айтылгыс арман. Түшүнбөйсүң билем аны, сен үчүн жалган. Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын, Чындап сүйүп калдым кызды сага бир тууган. Кайырма: Чечилбес арман, чечилгис арман, Адамзаты көтөрө алгыс, көтөргүс арман. Сен өмүр жалган, сен сүйүү жалган, Адамзаты чыдай алгыс, чыдагыс арман. Кайырма: Ишенбесең бул сүйүүмө Ысык-Көл күбө, Ишенчи сен ак сүйүүмө Ала-Тоо күбө. Сүйөмүн деп айтып жүргөн бала кыялдуу, Чын сүйүүнү билбей жүргөн менде го күнөө. Кайырма: Түшүндүрүп кантип айтам, айтылгыс арман, Түшүнбөйсүң билем аны сен үчүн жалган. Түйшүгүн да азабын да өзүм тартайын, Чындап сүйүп калдым кызды, сага бир тууган. Кайырма: