Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келем дедиң сен»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тагдыр мага татаалданды,
Бороондоду, катаалданды.
Сагынычым да жан дүйнөмө,
Сыйбай койду, бата албады.

Кайырма:

Калган кезде күүгүм байлап,
Боз жоргомду минип жайдак.
Сезимдерди сени көздөй,
Келем айдап…

Келем дедиң, келбей койдуң,
Билер дедим, сен сезбей койдуң.
Жүрөк отун сурап алып,
Кайтып неге бербей койдуң?

Кайырма:

Келсең эгер нетер элем,
Ээрчип сени кетер белем?
Сенсиз курган турмушумду,
Балким баарын кечер элем.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кичүү кызын мектебине келем жетелеп Көрөйүн деп сени эртерээк Көпчүлүктөн издеп калам уулуңду темтеп Көрүп калса калчу эркелеп Менин сүйүм сага жетелек Кайырма: Сен карап койсоң Сен карап койсоң Жылдыздарга толот айлана Сен күлүп койсоң Тарталбай көздү Эркин сынып жипсиз байланам Мен атамын сен энесиң Ортобуз алыс Балдарыбыз үчүн Биз барбыз Бир убаккта татаал турмуш Жолунан тайган Билем сен да жалгыз Мен жалгыз Кайырма:
  • Күтүү менин күдөрүмдү эзилткен Күнүң чыгат күлкүң чыкса эшиктен Түгөй болбой түбүндөмүн санаанын Жан дүйнөмдүн күкүмүнөн кечиксем Кайырма: Жаным эркем сага багынам О жаным Эрте келчи сагынам Сагынам о жаным Салба мени санаага Мен ошого таарынам Мен ошентип сагынам О махабат канатыңда алып уч Кандай сонун кубатыңа багыныч Ашыгымды кечке дейре көрбөсөм Ашып кетет жүрөгүмдөн сагыныч
  • Кызына калып ападан, Иниге калып агадан. Ыр деген ыйык бул өмүр, Калыптыр ата-бабадан. Ырлардын учу сахнада, Ырлардын күчү сахнада. Ыроолойт аруу жакшылык, Ырыскы түбү сахнада. Жүргөнсүйт ырлар кемеси, Ырысбай, Чубак элеси. Жаңырып төрдө тургансыйт, Токтогулдун кербези. Кайырма: Сахна, сахна, сахна, Жан дүйнөбүз сахна, Сүйүүбүз да сахна. Бешенеге бүткөн, Үйүбүз да сахна. Арзуубуз да сахна, Арманыбыз сахна. Ыйык биздин, Ыр сахна. Курбу, дос тыңшап көңүлдүү, Сахнанын сыйкыр күчү ушул. Ырларын окуп тургансыйт, Акындар Аалы, Алыкул. Биригишип эгиз эки ак-куу, Чолпонбек менен Айсулуу. Айтышып төрдө жаткансыйт, Жеңижок, Барпы айтылуу. Серпишип Мыскал, Үпүсү, Соргонсуйт ырдын бүтүшү. Сооротуп кейип тургансыйт, Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.