Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сахна»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызына калып ападан,
Иниге калып агадан.
Ыр деген ыйык бул өмүр,
Калыптыр ата-бабадан.
Ырлардын учу сахнада,
Ырлардын күчү сахнада.
Ыроолойт аруу жакшылык,
Ырыскы түбү сахнада.
Жүргөнсүйт ырлар кемеси,
Ырысбай, Чубак элеси.
Жаңырып төрдө тургансыйт,
Токтогулдун кербези.

Кайырма:
Сахна, сахна, сахна,
Жан дүйнөбүз сахна,
Сүйүүбүз да сахна.
Бешенеге бүткөн,
Үйүбүз да сахна.
Арзуубуз да сахна,
Арманыбыз сахна.
Ыйык биздин,
Ыр сахна.

Курбу, дос тыңшап көңүлдүү,
Сахнанын сыйкыр күчү ушул.
Ырларын окуп тургансыйт,
Акындар Аалы, Алыкул.
Биригишип эгиз эки ак-куу,
Чолпонбек менен Айсулуу.
Айтышып төрдө жаткансыйт,
Жеңижок, Барпы айтылуу.
Серпишип Мыскал, Үпүсү,
Соргонсуйт ырдын бүтүшү.
Сооротуп кейип тургансыйт,
Сүймөнкул, Таттыбүбүсү.

Другие песни исполнителя:

  • Эй карагым бүркөбөй ашчы кабагың Булгаба жашка жүзүңдү Эртеңден калбай барамын Кайырма: Бишкектен бүгүн чыктым Баткенге Баткенге Жолуң алыс экен сулуу жетемин канткенде Чек араны тосоюн күтүп алчы бозоюм Тартылчуу магнит бар сенде Ой бар сенде Эй карагым сен ватсаптан карадың Чек араны тосуп мээрим жок болсо да жарагың Эй карагым скайптан чачты тарадың Мен барганда даяр болсун күрүч салчу тамагың Эй карагым капалуу мени карадың Күпөл болбой күтүп тур Жанына өзүм барамын Колуна үзүп кармап ал Өрүктүн жашыл сабагын
  • Турмуштун өз убагы, Жыргалдын өз убагын. Бирок досум антсе дагы, Мезгил бизге токтоп турат. Жаштык менде, жаштык сенде, Ак-Буурадай дайрадай. Көп күлбөсөң, көбө күлсөң, Өтүп кетет байкалбай. Кайырма: Бүгүн майрам, бүгүн той, Замандаштар бизде той. Көңүл ачкын көп ойлонбой, Күлгүн жаштык кордобой. Иштесең чеги менен, Ойносоң чеги менен. Бирок достум өмүр бою, Жаштык болбойт сени менен. Мезгил өтөт, күндөр өтөт, Боз жоргодой, жорголой. Көңүл да суз, өмүрда суз, Күлкү болбой, ыр болбой. Кайырма:
  • Алыстан караймын терегинди Бере албай белегимди Уйундон чыгасын силкип силкип Ун болгон элегинди Башкалар сулуулук себебинди Билишпейт терененди Жомоко ишенип жолдо калдым Жок кылдын керегемди Кайрыма Журоктун журогун атып алып Журосун катып алып Ширелген кылычтай мелтиреймин Ширенди татып алып Коколоп учканын эми кандай Конулго батып алып Аруу тан агарып атпай койдун Кирпикти какпай койдум Журогум ооруду билбейм неге Мен сага жакпай койдум Катымдын жообун сен актай койдун Себебин айтпай койдун Жоголдум узулгон бир топчудай Сен мени таппай койдун