Казахские песни Узбекские песни

Песня «Баткендик кыз»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эй карагым бүркөбөй ашчы кабагың
Булгаба жашка жүзүңдү
Эртеңден калбай барамын

Кайырма:

Бишкектен бүгүн чыктым Баткенге Баткенге
Жолуң алыс экен сулуу жетемин канткенде
Чек араны тосоюн күтүп алчы бозоюм
Тартылчуу магнит бар сенде
Ой бар сенде

Эй карагым сен ватсаптан карадың
Чек араны тосуп мээрим жок болсо да жарагың
Эй карагым скайптан чачты тарадың
Мен барганда даяр болсун күрүч салчу тамагың
Эй карагым капалуу мени карадың
Күпөл болбой күтүп тур
Жанына өзүм барамын
Колуна үзүп кармап ал
Өрүктүн жашыл сабагын

Другие песни исполнителя:

  • Сагындым сени жаным сагындым сени Саана кусага багындым эми Өткөндүн күндөр өзүңсүз күндөр Өзөктөн өрттөп бүтөт го мени Сары жалбырак менин сагынычымдай Тагдырга бүткөн менин таарынычымдай Сары жалбырак сабалап учат Сагынычымды сага алпарат Сары жалбырак Эстедим сени жаным эңседим сени Эзилет жүрөк келсе деп сени Үзбөдүм күдөр үзүлбөй күдөр Жолуңду карап күтөмүн сени
  • Сагынычтын ыза деми, Жамгыр болуп себелеген. Сага болгон кусалыгым, Жан дүйнөмдү тебелеген. Жоолугумду бекем байлап, Жолугууга эртелеген. Жоодур көзүң көргөнүмдө, Жаным, сага эркелегем. Кайырма: Бул кез он жыл, он жыл мурда, Болгон эле. Сага он сегиз, он сегиз жаш, Толгон эле. Он жыл мурда болгон эле, Сага он сегиз жаш толгон эле. Бул кез он жыл, он жыл мурда, Болгон эле. Узап кетип сенден алыс, Кайра артка кайткан күнүм. Өмүрлүккө колуп сунуп, Жарым бол деп айткам бүгүн. Унутамын кантип аны? Жарың болом, макул дегем. Экөөбүздү бөлүп тынды, Кыйын тура турмуш деген. Кайырма:
  • Жаңырган айды көрсөм сени эңсеймин Ачылган гүлдү көрүп аны сен деймин Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык Сагындым саргайдым го неге келбейсиң. Алты тоонун тескейи алты куш аны эңсейби, Алсырадым-аздым го алтыным эрте келбейби, Алсырадым-аздым го алтыным эрте келбейби. Жети тоонун тескейи жети куш аны эңсейби, Жетимсиреп калдым го жейреним эрте келбейби, Жетимсиреп калдым го жейреним эрте келбейби. Өзүң бил максатыңа эми жеттиңби, Өзүң бил биротоло менден кеттиңби. Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык, Же гүлүм сагындырып келем дедиңби. Тогуз тоонун тескейи тогузу аны эңсейби, Томсоруп калдым го тоо гүлүм эрте келбейби, Томсоруп калдым го тоо гүлүм эрте келбейби. Бугусуз тоонун тескейи бугулар аны эңсейби, Буулугуп калдым го булбулум эрте келбейби, Буулугуп калдым го булбулум эрте келбейби. Алсырадым-аздым го Ардагым эрте келбейби, Томсоруп калдым го Тоо гүлүм эрте келбейби.
  • Ойнотуп жүрөк кылдарын, Өзүңө келди ырдагым. Чыйырчык жакка бет алдым, Карабай Оштун ызгаарын. Жол узак али, сен кайда? Көкүрөк тартса, барбы айла? Өзүң да келсең болбойбу, Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга. Кайырма: Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө, Жайнап турат экен күлсө, жүрсө. Алайдын тоосу гүлгө бай, Келатам эңсеп күлчөтай. Зымырап Мады, Баш-Булак, Кыздары калды кол булгап. Күйөө бала экен дештиби, Ашуудан кымыз, бал сунат. Керемет жериң келишим, Датканын кызы, элисиң. Күч күйөө болуп турсам да, эй, Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин. Кайырма: Күлчөтай жасап камданып, Тосорсуң ысык нанды алып. Жылуу-Суудан өтүп баратам, Жакындап улам, жанданып. Жол узак экен, сен кайда? Көкүрөк тартса, барбы айла? Мен жакка дагы келерсиң сен, Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга. Кайырма: