Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сары жалбырак»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сагындым сени жаным сагындым сени
Саана кусага багындым эми
Өткөндүн күндөр өзүңсүз күндөр
Өзөктөн өрттөп бүтөт го мени

Сары жалбырак менин сагынычымдай
Тагдырга бүткөн менин таарынычымдай
Сары жалбырак сабалап учат
Сагынычымды сага алпарат
Сары жалбырак

Эстедим сени жаным эңседим сени
Эзилет жүрөк келсе деп сени
Үзбөдүм күдөр үзүлбөй күдөр
Жолуңду карап күтөмүн сени

Другие песни исполнителя:

  • 50 жаш, келдиңби? келген болсоң бери бас. Демиткен, туйлаган боз жоргомдун демин бас. Эй демин бас. 50 жаш, төгүлгөн көз жашымды күтпөгүн. Кучактап, жайдары тосуп алам керип каш. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка алдырсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш 50 жаш, билчүмүн алыс жакта бардыгын. А бирок, туйбапмын ылдамдыгын шардыгың. Эй шардыгың. 50 жаш, алдастап шашып калдым чынында. Анткени билдим мен убакыттын тардыгын. Эй тардыгын. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка агылсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш Таяп бир койчу 50
  • Кабагыңда ажарыңда айдын сыны бар беле Жамалыңда жанарыңда жаздын сыры бар беле Кыялдарда санааларда мен толкуймун кайыктай Сен жөнүндөбү сан ойлордон мен калдым окшойт айыкпай Кайырма: Сен дедим мен сен дедим Сен болбосоң ким дедим Сезимдерге гүлдөй оролгон Сени гана теңдедим Көңүлүмдө жүрөгүмдө гүлдүн сыры бар беле Күлгөнүңдө жүргөнүңдө күндүн сыны бар беле Сага арналган махабаттын жээгин бассам утурлай Сен жөнүндөгү сезимдерден мен калдым окшойт кутулбай
  • Коп жылдар жашап, шаарыма өз болуп көнгөнмүн А бирок, баары бир жүрөктүн түбүндө өзгөмүн. Кыйнады эңсетип, кайтпайт го туйлаган көкүрөк Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнүм. Кайырма: Айда такси, айда, тоолор жактарга Ооруду көңүлүм, жүрөктө жарака. Сагынычым айтайын, мен кусалыгым айтайын Ак карларга, аскаларга, арчаларга. Көп элге бир болуп, шаардын турмушун кечемин Жумуш көп билбеймин, жайлоого мен качан жетемин. Түшүмдө дагы эле, таятам токуган күлүккө Кымыздан артынып, жылкыны көздөй кетемин. Кайырма: Ооба, мен ал кезде токтолдум, башкача өзгөрүп А бирок, ошол кезде тоо сүйүп, дагы эле көздөрүм. Сыймыктанам, кубаттанам, анткени мен тоолукмун Жайлоодо төрөлүп, боз үйдө торолуп, өскөнмүн. Кайырма: