Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бүгүн майрам бүгүн той»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Турмуштун өз убагы,
Жыргалдын өз убагын.
Бирок досум антсе дагы,
Мезгил бизге токтоп турат.
Жаштык менде, жаштык сенде,
Ак-Буурадай дайрадай.
Көп күлбөсөң, көбө күлсөң,
Өтүп кетет байкалбай.

Кайырма:
Бүгүн майрам, бүгүн той,
Замандаштар бизде той.
Көңүл ачкын көп ойлонбой,
Күлгүн жаштык кордобой.

Иштесең чеги менен,
Ойносоң чеги менен.
Бирок достум өмүр бою,
Жаштык болбойт сени менен.
Мезгил өтөт, күндөр өтөт,
Боз жоргодой, жорголой.
Көңүл да суз, өмүрда суз,
Күлкү болбой, ыр болбой.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сен окуучу мени эстеп, шоксуң, ойноксуң А мен агай окуткан боппоз бойдокмун. Кыздар менен шыбырап күлүп отурсаң Анда алтыным мен сага эки коймокмун, Эки коймокмун. Кайырма: Кашың оймо, салкын ойго Бакыраң көз ойло, ойло Ыргаласың жаз күнүндөй Ырда селки, ырга тойбо Кашың ийме, кашың чийме Бакыраң көз бийле, бийле Жан дүйнөмдүн жазы болуп Жүрөгүмдө бийле, бийле. Ошол күнү сабактан кийин калмаксың Кечке окуп, үйүңө түнү бармаксың. А эртеси тапшырмаң баарын текшерип Адилеттүү, татыктуу сен беш алмаксың, Сен беш алмаксың. Кайырма: Кашың оймо, салкын ойдо Бакыраң көз ойло, ойло Ыргаласың жаз күнүндөй Ырда селки, ырга тойбо Кашың ийме, кашың чийме Бакыраң көз бийле, бийле Жан дүйнөмдүн жазы болуп Жүрөгүмдө бийле, бийле.
  • Карындаш кайдасың Бирде жерде бирде айдасың Карындаш телефондо Отургандын айтчы пайдасын Байке отурамын көпкө тиктеп көзүмдү оорутамын Байке мен ушинтип баракчама көп лайк чогултам Ал анткени мага керек Кой антпегин ал оюңдан кайт Кой десеңиз койбойм Күлөсүң Инстаграмда жашап Жүрөсүң Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Өзгөрүлдү эмне Мүнөзүң Интернетте өмүр Сүрөмүн Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү А сиз мага чалып Ала албай Кайда экениңди жүрөм Таба албай Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Сүйүүнүн да анда баркы жок Качан токтойт айагы арты жок Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Карындаш деги эле Тик ток деген айтчы ал эмне Карындаш түшүнбөйм Пайдасы деле жок деги эле Байке кой антип Айтпасаңыз мага негатив Байке ал тик ток Анда күлкү анда позитив
  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Бакыттын ыйык гүлүн Махабат денизинде Арман ай үзө албадык Эрчишип сүзө албадык. Жанаша канат кагып Арман ай, уча албадык. Сезимдин сересинен эй Эмнеге чыга албадык. Кайрылбай сүйүү кушу Арман ай учуп кетти. Ансыз да ыза толгон Санаамды бузуп кетти. Жанында эриш аркак Арман ай боло албадым. Копуруп көөдөнүнө эй Көлкүлдөп толо албадым. Жанында болот эми Арман ай башка бирөө Тушунбойм эмне болдун эй Деги айтчы кимде кунөө Билбеймин эми сенсиз Арман ай, кантип жашайм. Жок болгон жан дүйнөмдү Кайра мен кантип жасайм.