Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак сүйүүм»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыттын ыйык гүлүн
Махабат денизинде
Арман ай үзө албадык
Эрчишип сүзө албадык.
Жанаша канат кагып
Арман ай, уча албадык.
Сезимдин сересинен эй
Эмнеге чыга албадык.

Кайрылбай сүйүү кушу
Арман ай учуп кетти.
Ансыз да ыза толгон
Санаамды бузуп кетти.
Жанында эриш аркак
Арман ай боло албадым.
Копуруп көөдөнүнө эй
Көлкүлдөп толо албадым.

Жанында болот эми
Арман ай башка бирөө
Тушунбойм эмне болдун эй
Деги айтчы кимде кунөө
Билбеймин эми сенсиз
Арман ай, кантип жашайм.
Жок болгон жан дүйнөмдү
Кайра мен кантип жасайм.

Другие песни исполнителя:

  • 50 жаш, келдиңби? келген болсоң бери бас. Демиткен, туйлаган боз жоргомдун демин бас. Эй демин бас. 50 жаш, төгүлгөн көз жашымды күтпөгүн. Кучактап, жайдары тосуп алам керип каш. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка алдырсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш 50 жаш, билчүмүн алыс жакта бардыгын. А бирок, туйбапмын ылдамдыгын шардыгың. Эй шардыгың. 50 жаш, алдастап шашып калдым чынында. Анткени билдим мен убакыттын тардыгын. Эй тардыгын. Эй 50 жаш Мен кээде жаштыгымды сагынсам, Таарынбайсыңбы 50 жаш? Бал күндү балалыкка агылсам, Кайрылбайсыңбы 50 жаш? Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам, Таяп бир койчу 50 жаш? Же эрте карылыкка алдырсам? Аяп бир койчу 50 жаш Таяп бир койчу 50
  • Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле, Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле. Жалыны жок, мокогон мен — айдоочунун, Жүрөгүнө чок салган кандай жан элең? Кайырма: Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле, Унчукпадым, жанында энеси бар эле. Айдан түшкөн кыз эле, айдын кызы эле, Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле. Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган, Алтын күлкү селкилер көңүл бурбаган. Жалган беле, чын беле узап кетерде, «Көрүшөбүз го” деген сенин убадаң? Салкын убадаң? Кайырма:
  • Мен сени жакшы көрөм Кабагыңды бүркөсөң да Сагынып тез эле куса болом Алыста жүрбөсөң да Мен сени жакшы көрөм Ууртуңдан жылмайганың Билип кой мен үчүн күлүп турсаң Жашоодо бул майрамым Кайырма: Жакшы көрөм жакшы көрөм жакшы көрөм Жамалыңа куюлушат жазгы көркөм Жасанып сен жашыл көйнөк кийип алсаң Теңелбейт го мажүрүм тал чачын өргөн Мен сени эки дүйнө жакшы көрөм Мен сени жакшы көрөм кучактап ыктаганың Эркелеп шоктонуп сөзүмдү укпай жакамдан жыттаганың Мени сени жакшы көрөм түнөрүп таарынсаң да Жазылбай кыйнайсың кайра өзүңдү жеңилип багынсам да