Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сени жакшы көрөм»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен сени жакшы көрөм
Кабагыңды бүркөсөң да
Сагынып тез эле куса болом
Алыста жүрбөсөң да
Мен сени жакшы көрөм
Ууртуңдан жылмайганың
Билип кой мен үчүн күлүп турсаң
Жашоодо бул майрамым

Кайырма:

Жакшы көрөм жакшы көрөм жакшы көрөм
Жамалыңа куюлушат жазгы көркөм
Жасанып сен жашыл көйнөк кийип алсаң
Теңелбейт го мажүрүм тал чачын өргөн
Мен сени эки дүйнө жакшы көрөм

Мен сени жакшы көрөм кучактап ыктаганың
Эркелеп шоктонуп сөзүмдү укпай жакамдан жыттаганың
Мени сени жакшы көрөм түнөрүп таарынсаң да
Жазылбай кыйнайсың кайра өзүңдү жеңилип багынсам да

Другие песни исполнителя:

  • Сөз беремин жолукпаймын жолукпа Баары бүткөн курган сезим оолукпа Капысынан эл алдында кездешсек Бир сураныч жүрөгүмдү оорутпа Кайырма: Сен ошондо серт карабай аяп кой Сынып калган сезимдерим таяп кой Табалашып сүйүнбөсүн көргөндөр Арзыбаган саламга эле жарап кой Адашпагың сен да адашпа байкагың Жүрүп сага жарым жолдон кайтамын Кокусунан көпчүлүктө көрүшсөк Кечир мени башка эмне айтамын
  • Жаңырганда жаштык ырлары, Тыз дей түшөт жүрөк кылдары. Обон созуп канча таңды атырдык, Ошол сексенинчи жылдары. Окуялар ошол кездеги, Жапжаш элек, курбум, эстеби? Кечээги күндөй көз алдымда тартылат, Фрунзенин салкын кечтери. Араласам эски бульварды, Бур дей түшөт жаштык ыргагы. Бир кайрылып кайтса гана, аттигиң, Бала кездин таттуу жыргалы. Аруу, бийик, таза, бүт баары, Ыйык эле сүйүү гүлбагы. Биздин күндөр өткөн жакшы жомоктой, Ошол сексенинчи жылдары.