Казахские песни Узбекские песни

Песня «Танкы шуудурум»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жаз айы, жамгыр басылбай, Жаралуу жүрөк жазылбай. Аскадай булут баскан, Көңүлүм менин ачылбай. Жалганчы жаздын демиби? Азгырып сени кеттиби? Жамгырга мени таштап, Жалооруп карап койбой, Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби? Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей. Көргөнгө сени көзүм зар, Айтайын деген сөзүм бар. Сактаган жүрөгүмдө, Арнаган сага сүйүүм бар. Кантемин сенсиз өмүрдү, Жамгырлуу, муздак көңүлдү? Күнөөлөйм ушул жаздай, Бир көрүп сүйүп калган, Сен деген жаш жүрөгүмдү. Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей.
  • Тагдыр мага татаалданды, Бороондоду, катаалданды. Сагынычым да жан дүйнөмө, Сыйбай койду, бата албады. Кайырма: Калган кезде күүгүм байлап, Боз жоргомду минип жайдак. Сезимдерди сени көздөй, Келем айдап… Келем дедиң, келбей койдуң, Билер дедим, сен сезбей койдуң. Жүрөк отун сурап алып, Кайтып неге бербей койдуң? Кайырма: Келсең эгер нетер элем, Ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, Балким баарын кечер элем. Кайырма:
  • Сезимдер учат куш болуп, Сагынтып көпкө келбесең. Бугумду басып турганда, Кусадан ыйлайт терезем. Сунам ыр десте сагынган кезде. Жүзүң албырып күйгөндө эсте. Оң көзүң тартып койгондо эсте, Жамгырлуу кечте. Кубалап кайгы-капамды, Кулпулап берчи санаамды. Ыраазы кылып сүйүп кой Ыр менен барган саламды. Байкабай айтсам атыңды, Ойлорум сенде, билип кой. Түшүңдөн түндө ойгонсоң, Күткөнүм ошол, билип кой.
  • Карагат ай, карагат Карагат сенин көзүңдөн. Каухар сындуу нурланганда Кагылам айым өзүңдөн. Кайырма: Наздап сүйсөм эргиген, Сүйсөм эргиген. Кызылгаттай эрдиңден Ай эркем ай, эркем ай. Эркелейсиң эркем ай Сыласамбы мен өңүңөн. Сүйөм аппак жүзүңөн сенин Чайпалган көркүң өрүлгөң. Кайырма: Жыпарыңа эреркейм да Кысамын ичке белиңден. Түрүлгөн аппак билегиңден ай Дүүлүүгөм ысык демине. Кайырма: Кызылала көйнөгүңдөн Кызарам сенин төшүңөн. Кымыздай ширеп алар сенин Кысылган алма өрүңдөн.