Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күтүү менин күдөрүмдү эзилткен
Күнүң чыгат күлкүң чыкса эшиктен
Түгөй болбой түбүндөмүн санаанын
Жан дүйнөмдүн күкүмүнөн кечиксем

Кайырма:

Жаным эркем сага багынам
О жаным
Эрте келчи сагынам
Сагынам о жаным
Салба мени санаага
Мен ошого таарынам
Мен ошентип сагынам

О махабат канатыңда алып уч
Кандай сонун кубатыңа багыныч
Ашыгымды кечке дейре көрбөсөм
Ашып кетет жүрөгүмдөн сагыныч

Другие песни исполнителя:

  • Дөөтү пирим колдосун, Алдыдагы узак жол. Тагдырыбыз шыдыр болсун дейбиз, Жолдошубуз Кыдыр бол. Селки тарапка сапарлаш, Сөз узатсам, таарынбас. Менден кичүү көрүнөсүң, бийкеч, Болосуң бейм карындаш? Кайырма: Бишкек-Алмата, барабыз түн ката, Сөзгө тарттым, селкиге үн ката, Терезе караган, көзүнө муң ката. Бишкек-Алмата, барабыз түн ката, Сөзгө тарттым, селкиге үн ката, Терезе караган көзүнө муң ката. Атыңыз ким, айтпайм дейсиз, Айтканымдан кайтпайм дейсиз, Сиздей сулууну кылды экен, ким капа? Мемиредиң нени ойлой? Койдум мен да ойготпой. Аман-эсен барып, кайтып келгин Көз нуруңду жоготпой. Кайырма: Бишкек-Алмата, барабыз түн ката, Сөзгө тарттым, селкиге үн ката, Терезе караган, көзүнө муң ката. Бишкек-Алмата, барабыз түн ката. Сөзгө тарттым, селкиге үн ката, Терезе караган, көзүнө муң ката. Атыңыз ким, айтпайм дейсиз, Айтканымдан кайтпайм дейсиз, Сиздей сулууну кылды экен, ким капа?
  • Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз, Кызыл гүлүм сен менин. Көчөдөн мен көрсөм кызганамын, Сулуу селким сен менин. Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң, Көп кыздарга аралаш. Көп жигитти кызыктырат сенин, Ичке сындуу чып белиң. Кайырма: Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, ай. Сенсиң менин делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим. Кечээ кирдиң сен түшүмө менин, Жанымда сен жаш келин. Мен ошондо сездим махабаттын, Кудуретин, күч-демин. Бүгүн барам сага гүл көтөрүп, Күтөсүңбү, делбирим? Мен айтамын өз сүйүүмдү сага, Ай перим, ай, ай перим. Кайырма: