Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бишкек Алматы»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Дөөтү пирим колдосун,
Алдыдагы узак жол.
Тагдырыбыз шыдыр болсун дейбиз,
Жолдошубуз Кыдыр бол.
Селки тарапка сапарлаш,
Сөз узатсам, таарынбас.
Менден кичүү көрүнөсүң, бийкеч,
Болосуң бейм карындаш?

Кайырма:
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен, ким капа?

Мемиредиң нени ойлой?
Койдум мен да ойготпой.
Аман-эсен барып, кайтып келгин
Көз нуруңду жоготпой.

Кайырма:
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката,
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Бишкек-Алмата, барабыз түн ката.
Сөзгө тарттым, селкиге үн ката,
Терезе караган, көзүнө муң ката.
Атыңыз ким, айтпайм дейсиз,
Айтканымдан кайтпайм дейсиз,
Сиздей сулууну кылды экен, ким капа?

Другие песни исполнителя:

  • Бул дүйнө бул өмүрүм, сени менен го, Ырысым ырыскым да, сени менен го. Күлкүсү балдарымдын сени менен го, Бактылуу көз ирмемдер сени менен го. Кайырма: Ак сүйүүм менен алганым жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен, Ак үйүмдүн күнү кудай кошкон айым сен Оорубагын ылайым, күлүп жүрчү дайым Сүйгөнүм жубайым сен. Жашаймын күлүп турган көздөрүң менен Жашаймын сүйөм деген сөздөрүң менен Жадабайм миң ырахмат Айтсам да аз го Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген Күндөрү жаштыгымдын сени менен го, Жашоонун жакшылыгы сени менен го. Бактысы балдарымдын сени менен го, Бул дүйнө бул өмүрүм сени менен го.
  • Суйу гулун издей издей Таптым мектеп багынан. Жарылчуудай жүрөк дегдейт Өтсөм улам жанынан. Кайырма: Аста аста сен да мага Көз кырыңды саласын. Оо сүйгөнүм, а мен сенин Ошонуңа ашыкмын. Олтурасың кыздар менен Бак ичинде жанашып. Бактын көркү сен элең го Суктанаарлык ажайып. Кайырма: Аста аста сен да мага Көз кырыңды саласын. Оо сүйгөнүм, а мен сенин Ошонуңа ашыкмын. Китепчеге гүлдөр тартам Ыр жазамын сага деп. Угузбастан миң кайталайм Сүйөм сени гүлүм деп. Кайырма: Аста аста сен да мага Көз кырыңды саласын. Оо сүйгөнүм, а мен сенин Ошонуңа ашыкмын.
  • Мага да махабатын айткандар бар Женилбей женил жолдон качкандар ал Сага окшоп коз жашырбай, соз жашырбай Мен учун бир ооз кебин баккандар бар Мага да ак суйуусун арнаган бар Мен учун убактысын кармагандар Сага окшоп кадырымды билбей койбой Чакырган бактысына барбагандар Кайырма А сен жалгыз кайыктайсын Дартым болдун айыкпайсын Жолукпайсын жолум учун айыптайсын Жылкы жетпес жайыттайсын Жакындаймын алыстайсын Карматпай колдон качкан балыктайсын (Сен мени корбогондон талыкпайсын) Мага да сезимдерин суйкогон бар Мен учун башкаларды суйбогон бар Сен ботон жакты карап жургон кезде Кобойду коз караштар куйгонго зар