Казахские песни Узбекские песни

Песня «Делбирим»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз,
Кызыл гүлүм сен менин.
Көчөдөн мен көрсөм кызганамын,
Сулуу селким сен менин.
Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң,
Көп кыздарга аралаш.
Көп жигитти кызыктырат сенин,
Ичке сындуу чып белиң.

Кайырма:

Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай,
Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, ай.
Сенсиң менин делбирим, ай, ай, ай,
Делбирим, ай, делбирим.

Кечээ кирдиң сен түшүмө менин,
Жанымда сен жаш келин.
Мен ошондо сездим махабаттын,
Кудуретин, күч-демин.
Бүгүн барам сага гүл көтөрүп,
Күтөсүңбү, делбирим?
Мен айтамын өз сүйүүмдү сага,
Ай перим, ай, ай перим.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бар элимдин сайраны, Күлкү, ырдын майрамы, Биздин шерине. Акын, ырчы, шайырлар, ай, Төрүбүздөн байыр алып, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма: Чапкын атты, чабарман, Чакыргыла, кабар бергиле. Бүгүн бизде шерине, Келгин, тууган, достор, келгиле. Шери, шери, шерине, Шаң тарасын кыргыз жериме. Шери, шери, шерине, Шаң тарасын кыргыз жериме. Капалыгың алыс качар, Кубандырып көңүл ачар, Биздин шерине. Күнү тынбай ырдашабыз, Таң атыра сырдашабыз, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма: Бар элимдин сайраны, Күлкү, ырдын майрамы, Биздин шерине. Акын, ырчы, шайырлар, ай, Төрүбүздөн байыр алып, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма:
  • Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди келесиң сен жаныма, Сезимиң уялыңкы сезилет мага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным. Суктанам, суктанамын жапжашыл айланага, Укмуштай жаз көркөмү теңелбес сага гана. Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным. Түбөлүк гүлүм болуп жүрчү, жаным, Жүрчү, жаным.
  • Сүйүүмдү байкабай сен сезбегениңден, Күтүүдөн жүдөп келем, кыйналып келем. Билбейсиң ийилбеген мүнөзүмдү сен, Каалаган максатыма мен баары бир жетем, Баары бир жетем. Кайырма: Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага, Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам. Байланган сезимдердин баардыгын чечип, Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам. Ызамдан ызгаар болуп чыйрыгат денем, Ыкташып күлүп жүрсөң сен башкалар менен. Удургуп, ташкын болуп агылсам дагы, Урагыс пайдубалын мен, баары бир жеңем. Баары бир жеңем Кайырма: Сүйүүңдү уурдап кетем билгизбей сага, Көзүңдү көздөрүмө мен көндүрүп алам. Байланган сезимдердин баардыгын чечип, Көңүлүң жалгыз өзүмө көндүрүп алам.
  • Искеймин алма гүлдөр шактарынан Издеймин Алыкулдун саптарынан. Жазылсын кусалыгым, күлүп койчу Жарк этип жылдыздардын катарынан Жарк этип жылдыздардын катарынан. Кайырма: Мажүрүм чачтарың таранганда Жашылдан жоолугуң салынганда. Карекке көз жаштан мончок тагып Мен сени ошондо сагынгам да. Мен сени ошондо, мен сени ошондо Сагынганда. Табышмак табигаттын сырларында Жаңырып Асанкалый ырларында. Жан биргем, жан дүйнөмө кирип келчи Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай. Кайырма: