Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шерине»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Чапкын атты, чабарман,
Чакыргыла, кабар бергиле.
Бүгүн бизде шерине,
Келгин, тууган, достор, келгиле.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Шери, шери, шерине,
Шаң тарасын кыргыз жериме.
Капалыгың алыс качар,
Кубандырып көңүл ачар,
Биздин шерине.
Күнү тынбай ырдашабыз,
Таң атыра сырдашабыз,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:
Бар элимдин сайраны,
Күлкү, ырдын майрамы,
Биздин шерине.
Акын, ырчы, шайырлар, ай,
Төрүбүздөн байыр алып,
Келгиле бизге,
Келгиле бизге.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эс алып Беш-Таш, Таластан, Келе жатып жолдон адашкам. Тагдырлар болуп кайчылаш, Жолукту мага Тараздан. Керемет көз дедим, көз дедим, Дароо эле өзү дедим, өзү дедим. Сүйлөсө көкөлөдү көңүлүм да, Бал ширин сөзү дедим, сөзү дедим. Кайырма: Казак кыз, аты — Сауле, Мойнунда калы бар эле. Ага окшош кызды таппай жүрөм, Тандап, тандап дагы эле. Күлгөнү көркөм жаз эле, Мүнөзү жибек, наз эле. Айтор, бир башка, өзгөчө бир жан эле, Ай, Сауле, эх, Сауле. Биз жүрдүк ойноп тамаша, Кыналып сезим жанаша. Бөлүнсөк эки көз ирмем, Сагынып кайра самаша. Көңүлүң бөлөм дедиң, бөлөм дедиң, Болбосо көрөм дедиң, көрөм дедиң. Ээрчишип эгер кетсе мени менен, Ошондо өбөм дедим, өбөм дедим. Кайырма:
  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, Окуучулук өмүрүм деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап калганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим агайым, Кеч болсо да рахматымды айтайын. Кайырма:
  • Адам таппай турам таарына, Түшүндүрөт мени баарына. Атасынын кызы чоңоюп, Тескелиптир жоолук салына. Кайырма: Кызым, асмандагы жылдызым, Кызым, жакамдагы кундузум. Кызым, атасынын эркеси, Айым, кунум, менин нур кызым. Баскан сайын, кадам арыйт го, Барган жерден багы ташыйт го. Узаганда кылчайба кызым, Атаң бүгүн бир аз жашыйт го. Кайырма: Түшүнбөстүк бакыт болбосун, Жаратканым дайым колдосун. Жүрөгүмдүн колуңа куда Бүгүн үзүп бердим толтосун.