Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сауле»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эс алып Беш-Таш, Таластан,
Келе жатып жолдон адашкам.
Тагдырлар болуп кайчылаш,
Жолукту мага Тараздан.
Керемет көз дедим, көз дедим,
Дароо эле өзү дедим, өзү дедим.
Сүйлөсө көкөлөдү көңүлүм да,
Бал ширин сөзү дедим, сөзү дедим.

Кайырма:
Казак кыз, аты Сауле,
Мойнунда калы бар эле.
Ага окшош кызды таппай жүрөм,
Тандап, тандап дагы эле.
Күлгөнү көркөм жаз эле,
Мүнөзү жибек, наз эле.
Айтор, бир башка, өзгөчө бир жан эле,
Ай, Сауле, эх, Сауле.

Биз жүрдүк ойноп тамаша,
Кыналып сезим жанаша.
Бөлүнсөк эки көз ирмем,
Сагынып кайра самаша.
Көңүлүң бөлөм дедиң, бөлөм дедиң,
Болбосо көрөм дедиң, көрөм дедиң.
Ээрчишип эгер кетсе мени менен,
Ошондо өбөм дедим, өбөм дедим.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жаштык багын арман коштогон Тагдыр бизди ошондо кошпогон Эркелетип эми жүрөсүң Колуңду сен мага окшогон Бакыт багын куйут коштогон Турмуш бизди ошондо кошпогон Ээрчитип эми жүрөсүң Уулуңду сен мага окшогон Кайырма: Уулуң мага окшогон Мен да ага окшогом Кара аяр көзүңө Карай албай томсором Аттиң көзгө жаш алып Аттиң кантип кеч алам Кантип эми экөөңдүн Кадырыңа жете алам Сүйүү дастан ким бар созбогон Сүйүү таңын ким бар тоспогон Байке десе сыздайт жүрөгүм Уулуң сенин мага окшогон Сүйүү ырын ким бар созбогон Толкундаймын кайра козголом Байке десе ыйлайт жүрөгүм Уулуң сенин мага окшогон
  • Бар элимдин сайраны, Күлкү, ырдын майрамы, Биздин шерине. Акын, ырчы, шайырлар, ай, Төрүбүздөн байыр алып, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма: Чапкын атты, чабарман, Чакыргыла, кабар бергиле. Бүгүн бизде шерине, Келгин, тууган, достор, келгиле. Шери, шери, шерине, Шаң тарасын кыргыз жериме. Шери, шери, шерине, Шаң тарасын кыргыз жериме. Капалыгың алыс качар, Кубандырып көңүл ачар, Биздин шерине. Күнү тынбай ырдашабыз, Таң атыра сырдашабыз, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма: Бар элимдин сайраны, Күлкү, ырдын майрамы, Биздин шерине. Акын, ырчы, шайырлар, ай, Төрүбүздөн байыр алып, Келгиле бизге, Келгиле бизге. Кайырма:
  • Барамын баратамын сага барам Кумарым кучагыңсыз тарабаган. Көзүн бар зар боломун бир көрүшкө А бирок жубайлыка жарабаган. Мен сага канча бардым санабаган Ар кундоп баратканда карабаган Сөзүң бар бир угууга зар боломун А бирок жубайлыка жарабаган. Кайырма: Жубайлыка жарабаган Жүрөгумду жаралаган Жан дүйнөмө тынчтык бербей аралаган Кечир мени, кечир жаным Эки дүйнө өтсө дагын, сага барам Барбайм дейм, кайра айланып сага барам Баргандан эч убакта тажабагам. Сүйүүм бар, билем ансыз жашай албайм А бирок жубайлыка жарабаган.
  • Карындаш кайдасың Бирде жерде бирде айдасың Карындаш телефондо Отургандын айтчы пайдасын Байке отурамын көпкө тиктеп көзүмдү оорутамын Байке мен ушинтип баракчама көп лайк чогултам Ал анткени мага керек Кой антпегин ал оюңдан кайт Кой десеңиз койбойм Күлөсүң Инстаграмда жашап Жүрөсүң Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Өзгөрүлдү эмне Мүнөзүң Интернетте өмүр Сүрөмүн Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү А сиз мага чалып Ала албай Кайда экениңди жүрөм Таба албай Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Сүйүүнүн да анда баркы жок Качан токтойт айагы арты жок Күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү күнү-түнү Карындаш деги эле Тик ток деген айтчы ал эмне Карындаш түшүнбөйм Пайдасы деле жок деги эле Байке кой антип Айтпасаңыз мага негатив Байке ал тик ток Анда күлкү анда позитив