Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бул махабат»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жайлоонун төрү кенен,
Өрдөсө өрү кенен.
Өзөндү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.

Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.

Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.

Шаарымдын өзү кенен,
Аралайт сүйүү деген.
Көчөнү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.

Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.

Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.

Другие песни исполнителя:

  • Көп элес өчпөстөн эсте баары, Көңүлдүн калса да бөксө жагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Мезгилдер карматпай өтсө дагы. Жүрөктүн буйругу башкачабы, Жүрсө да тагдырдын канча тагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Жашынып жаштыгым калса дагы. Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска, Өткөнгө өкүнүч кылабыз да. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Баладай багынбай убакытка. Жыргатпай бул турмуш сонунуна, Жылдарды койсо да орунуна. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Тумардай тагынып моюнума.
  • Кызыгамын сага, кызым, сылык мүнөз, Кызыл гүлүм сен менин. Көчөдөн мен көрсөм кызганамын, Сулуу селким сен менин. Кечээ келсем бийге сен да жүрдүң, Көп кыздарга аралаш. Көп жигитти кызыктырат сенин, Ичке сындуу чып белиң. Кайырма: Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим, ай, ай, ай, ай. Сенсиң менин делбирим, ай, ай, ай, Делбирим, ай, делбирим. Кечээ кирдиң сен түшүмө менин, Жанымда сен жаш келин. Мен ошондо сездим махабаттын, Кудуретин, күч-демин. Бүгүн барам сага гүл көтөрүп, Күтөсүңбү, делбирим? Мен айтамын өз сүйүүмдү сага, Ай перим, ай, ай перим. Кайырма: