Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамгыр»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Суранам сенден, алтыным,
Бул түнгө таштабачы.
Жоготуп кара көзүңдү,
Калтырдың коюу түнгө.
Жалгыздык жанга шерик,
Тиктеймин көзүмдү албай.
Терезени улам чертип,
Жамгыр да кошо ыйлайт.
Кайырма:
Барбы сенин күткөнүң,
Айтчы, жамгыр, сырыңды?
Балким, сен да мага окшоп күткөнсүң.
Сыздай, кыйналып, сагынып, жалынып,
Келсеңчи деп, кетпечи деп…
Жамгырдын ыйы басылбай,
Өксүүдөн ыйлап турдум.
Эселек жапжаш баладай,
Жүрөгүм туйлап турду.
Ушул түнү аяп келчи,
Сооротчу, жаным, жай.
Кусалыгым жанга батпай,
Кошулуп турам ыйлай.

Другие песни исполнителя:

  • Аппак сүтүн энекемдин мен, кантип актайм? Карбаластап берекемдин жытын таптайм. Балалыгымды, кубанычымды, Жүрөгүмдөгү сагынычымды, Энекебайым кайтарып берчи, суранычымды. Кайырма: Балалыгым айла барбы, Колум жеткис жайда калды. Аттиң артта балдай таттуу, Кайталангыс күнүм калды. Канат жайып турмуш жолунда, зымырап барам, Өкүнүчтө балалыгымдын эшигин жабам. Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Терметип келем, термелип келем, жашоо бешигин. Кайырма: Аластап салган, алтын энемдин, Алдейи жаткан арча бешигим. Элестеп келем, термелип келем, жашоо бешигин.
  • Талыкпай буйталбай, Тагдырдын жолун улай, ак булуттай Кайрылбай, алыстай Бактыма жолуга албай, Жол таба албай… Кайырма: Жарыкка жан дүйнөм Шашылат, чакырат. Алыстан бал дүйнөм Кол сунат, жаркырайт. Жан туйлайт, үн сыйбайт Жүрөктү жалын кыйнайт мени Сыздайт эми… Асманда ак булут, кол сунуп Алыска, бийикке алып кетсе