Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жолунду карап»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ыссык-Көлүм мемиреген тунуктугуң тынчтыктын сыңарындай, Көргөн көздүн жоосун алган сулуулугуң кыздардын чырайындай. Сыймыгымсың сен Ыссык-Көлүм, Кылымдарга өчпөсүн көркүң. Ааламга даңазалап ырдаймын сени көлүм. Кайталангыс кереметиң арбагандай бүт сыйкыр дүйнөдөгү, Сыймыгысың кыргызымдын, түгөнбөсүн баалуулук көлүңдөгү.
  • Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Сенин барың өмүргө кубат берет, Сени эстесем көңүлгө кубанч келет. Турмушумду бөксөртпөй көктөп турчу, Сен жашоого көрк берген чынар терек. Кайырма: Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Апакебай, ак шооладай, Жанып турчу күндө жаркып. Жылдан-жылга саамайың буурул тартып, Жылуу жүздүн бырышы барат артып. Апакебай, ардагым, теңдеши жок, Атып турчу ак таңдай, күндөй жаркып.
  • Жамгыр болуп, жаз болуп, Жан дүйнөмө нур болуп. Булактай таза, буюруп мага. Кылыктанып, назданып, Күлсөң жүрөм кызганып, Сени башкадан. Сүйүп, тамшанам. Кайырма: Жылдызың учкун болуп, Түндө учуп көрүнгөн. Жылмайсаң жүзүң айдай, Назик күлкүң төгүлгөн. Жаныңдан калбайын, Санаага салбайын. Сагынам ар дайым. Тапкан сүйүүм, ардагым, Тандап гүлүм арнадым, Жүрөктөн сага, өзүңө гана. Санап күндү, келсе дейм, Сагынганым билсе дейм, Убара тартам, уйкуман кача.