Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынамын»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жазып саламым, катты саламын, Сагынычтан жообуң мен аламын. Ушул турмушум, түйшүк жумушум, Амандыкты, досум, айтып турушум. Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт. Кайырма: Ак куу кетет, көл калат, Ак канатын булгалап. Мезгил өтсө сагынып, Айдың көлгө кайрылат. Алыс жүргөн адамдар, Аманаттан салам бар. Ак куулардан сагынган, Саламымды айтып бар. Кабар алып тур, катың жазып тур, Жүрөгүңдөн таза чачып нур. Дос деп билемин, аппак тилегим, Ишеничтен бүткөн досум -тирегим. Ыйманыңда бол, досум курдашым, Тагдыр бизди бөлүп кайда бурбасын. Мени эңсеген момуну да бар, Саламыңды алдым жүрөк кубанар. Кайырма: Билсең өмүр аз, бар өмүрүң жаз, Кубанычка баткан күндөрүң жаз. Жамандыктан кайт, жакшы тилек айт, Сагынычтуу, досум, салам айт.
  • Кыргызстаным менин, Ыйык жерим менин, Сага айтам салам, Теңдеши жок жерим. Ыйдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү. Кайырма: Ата Журтумду, мактаймын улутумду, Сүйүүм танбайм, аппак таңдай. Жымыңдап айдай, жылдыздай, Жаңырып жаңы кылымдай. Сүйөмүн бүтпөс өмүрүмдө, Кыргызым бар, өчпөс жылдыз ырындай. Сезим өчпөс болсун, Ыйманыбыз болсун. Элибизге кетпес ырыскыбыз толсун. Ырдайлы көтөрүп көңүлдү, Арманы жок өткөрүп күндү.
  • Жалгызмын караңгы түндө, Жүрөмүн батып күйүткө. Күндөрүм улана берет, Кол сунуп бактылуу күнгө. Жарык, кетпе, Үмүт, таштаба, суранам, Кайгырбайын. Билбеймин кантип байландым, Турмуштан неге чайналдым? Болду эми ал күндөр бүттү, Артыма мен кайрылбайын. Алыс кетпе, Жарык, таштаба, суранам. Сыздабайын. Жаңылдым, эми өкүнбөйм, Келет деп таңдарды күтпөйм. Алданып калган сезимге, Баш ийип кайра өкүнбөйм. Кайтып келбе, Козгобой эски жарамды. Ыйлабайын.