Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бирге журолу»
исполнителя Ильяз Абдыразаков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге,
жашайлычы дайым.

Другие песни исполнителя:

  • Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө, Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө. Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет, Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет. Кайырма: Жүрөктүн кылын чертип жай гана, Жүрөсүң кылыктанып наздана. Көзүнө окшобогон башканын, Көздөрүң сенин башкача. Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага, Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза. Карагаттай көзүңдү карагандан аянам, Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.
  • Тагдырым берген жөлөгүмсүңбү, Таалайым сунган белегимсиңби? Махабат кошкон биздин жүрөктү, Маңдайга жазган медеримсиңби? Кайырма: Күлкүңдөн кубат алып жашайын, Турмуштун кырын бирге ашайын. Жараткан кошкон узун жолумда, Жанашып бирге чогуу басайын. Багыма конгон периштемсиңби, Бактымды чогуу бөлүшкөнсүңбү? Балбылдап жанган көзүңдөн сенин, Бакытым үчүн көрүшкөнбүзбү?