Казахские песни Узбекские песни

Песня «Музыка»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эй, достум, айтайын жашыруун сыр,
Жашоомду жаңыртты бир жакшы ыр.
Кезиктим сүйүүмө кайрыктардан,
Белегин сунду бейм мага тагдыр.
Кайырма:
Бир обон, бир жакшы музыка,
Жүрөктү салган го тузакка.
Кубулжуп бүтпөсүн жаңы ырым,
Экөөбүз таанышкан,
Бизди табыштырган мызыка.
Көңүлгө бакыт куш келип конуп,
Көөдөнүм бал сөзгө турат толуп.
Ыр болуп түбөлүк жаңырсын деп,
Сүйүүбүз жазылды нота болуп.
Бир обон, бир жакшы музыка,
Бирде ал сагыныч-кусада.
Бирде ал кубаныч, сүйүнөт,
Бирде таарыныч, сагыныч ызада.

Другие песни исполнителя:

  • Мажүрүрм талдай ийилген, Баладай жайнап сүйүнгөн. Жел менен бирге жарышып, Жибектей жеңил жүгүргөн. Желбирип жеңи жарышып Жел менен ойноп алышып. Жебедей жетсең жеритип, Жүрөгүң турсун сайышып. Кайырма: Ойнотчу комузуңду, Ойготчу добушуңду. Күнөстүү жайга конгон, Гүлдөтчү конушумду. Тепкедей тепилдегем, Элжиреп эпилдегем. Желбиреп желден учкан, Өзүңдү желге теңейм. Карегиң жанган чырактай, Караның тамчы сынаптай Кичкентай бойго гүл менен, Кийдиңби көйнөк кынаптай. Кийгеним гүлдөп жарашса, Кичкентай дешип карашса. Көкөлөп учуп көңүлүң,ий, Көпөлөк болуп жанашпа. Талпынган канаттууларым, Тамшанып ичер булагым. Тагдырга жазган татынам, Табылгыс бермет ынагым. Уясы толгон шамы бар, Учурбай кушту багып ал. Аялуу жанды аздектеп, Акбермет кылып тагып ал.
  • Кызганамын өзүнчө, Сүйүп калган өңдүү негедир эле. Карашса үмүттүү, Жылмайышып баары жалгыз сизге эле. Курбу кыздар кызыгышып, Кебетиңизге, келбетиңизге… Кайырма Ах, байке, эгер сизден, Уялбастан барсам алдыңызга ийиле. Кол сунуп, чакырсам, келесизби бийге? Келесизби бийге? Келиңизчи, байке! Жолдошуңуз жанаша, Ачуу сырын салып, карайт го бизди. Көзүмдөн сезсе деп, Карап, күтө берем келишиңизди. Жаным берип сүйбөсөм да, Жактырдым сизди, жактырдым сизди.