Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ынагым»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мажүрүрм талдай ийилген,
Баладай жайнап сүйүнгөн.
Жел менен бирге жарышып,
Жибектей жеңил жүгүргөн.
Желбирип жеңи жарышып
Жел менен ойноп алышып.
Жебедей жетсең жеритип,
Жүрөгүң турсун сайышып.
Кайырма:
Ойнотчу комузуңду,
Ойготчу добушуңду.
Күнөстүү жайга конгон,
Гүлдөтчү конушумду.
Тепкедей тепилдегем,
Элжиреп эпилдегем.
Желбиреп желден учкан,
Өзүңдү желге теңейм.
Карегиң жанган чырактай,
Караның тамчы сынаптай
Кичкентай бойго гүл менен,
Кийдиңби көйнөк кынаптай.
Кийгеним гүлдөп жарашса,
Кичкентай дешип карашса.
Көкөлөп учуп көңүлүң,ий,
Көпөлөк болуп жанашпа.
Талпынган канаттууларым,
Тамшанып ичер булагым.
Тагдырга жазган татынам,
Табылгыс бермет ынагым.
Уясы толгон шамы бар,
Учурбай кушту багып ал.
Аялуу жанды аздектеп,
Акбермет кылып тагып ал.

Другие песни исполнителя:

  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.
  • Алгачкы ирет жолукканда, Арбап турган каректериң. Сен коштошуп кетериңде, Өзүмдү алдап мен келет дедим. Кайырма: Ошондогу сен экөөбүз, Таанышкан күн эсиңдеби? Дале менин көз алдымда, Кубанычтар сезимдеги. Узаатаарда жүрөгүңө, Башым жөлөй сен сүйөм дедиң. Ак жүзүңдөн мен аймалай, Кыналышкан эрдиңе эрдим. Кайырма: Биз таанышкан ошол күндү, Эстей жүрсө экен деймин дайым. Жашоомдогу бир жаралган, Менин күнүм сен, менин айым.