Казахские песни Узбекские песни

Песня «Келем»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Эй, достум, айтайын жашыруун сыр, Жашоомду жаңыртты бир жакшы ыр. Кезиктим сүйүүмө кайрыктардан, Белегин сунду бейм мага тагдыр. Кайырма: Бир обон, бир жакшы музыка, Жүрөктү салган го тузакка. Кубулжуп бүтпөсүн жаңы ырым, Экөөбүз таанышкан, Бизди табыштырган мызыка. Көңүлгө бакыт куш келип конуп, Көөдөнүм бал сөзгө турат толуп. Ыр болуп түбөлүк жаңырсын деп, Сүйүүбүз жазылды нота болуп. Бир обон, бир жакшы музыка, Бирде ал сагыныч-кусада. Бирде ал кубаныч, сүйүнөт, Бирде таарыныч, сагыныч ызада.
  • Атыңдан кагылайын, алтын апа, Алыста жүргөнүмө санаа тартпа. Максаты ар бир жаштын билим алуу, Азыркы гүлдөп турган ушул чакта. Кайырма: Алтын апа, болбочу капа, Кызың үчүн санаа тартпа. Алтын апа, кат жазам сага, Сен мен үчүн санаа тартпа, Алтын апа. Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап, Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап. Максатым адам болуу дал өзүңдөй, Элимдин керегине турган жарап. Кайырма: Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду, Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду. Оболоп жылдыз болуу — улуу максат, Жетелеп иликтирет ойлорумду.
  • Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен калайык. Таңы да бар, багы да бар Жердин бети адам үчүн ылайык. Араңардан санааңардан кетким келбейт досторум, Баары бар, наары бар тирүүлүктүн көтөрүшүп тосторун. Кайырма: Чаңкаганга, суусаганга, Булак болуп мен агайын. Кеч киргенде, жер бетине, Карегимден чыгак жасап жагайын. Кетким келбейт, өчкүм келбейт, Жер бетинен адамдар. Жазы жаңы, жарык таңы, Келечекте бизди күткөн заман бар.