Казахские песни Узбекские песни

Песня «Канаттындын издери»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайткан куштун канатынын издерин,
Ак булуттун арасынан издедим.
Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип,
Мен элейип суу тереңин тиктедим.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Келген куштун, кереметтүү абанын,
Желпип соккон жер бетинен карадым.
Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм,
Куйкаланды кучагына санаанын.
Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.

Другие песни исполнителя:

  • Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
  • Өмүрүмдүн жалгыз арманы, Өкүнүчтүн жансыз салмагы. Өзүң деген ыйык тилегим, Өргө жетпей өксүп калганым. Чулгап алып мени кусалык, Сени күткөн түндөр узарып. Өмүр токтоп ошол ирмемдер, Отургансыйм жылбай тушалып. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Салаалаган ысык жаш тамып, Самабадым неге башканы? Жазда кирген албуут дайрадай, Сагынычымдын ашып-ташканы. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.