Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кечирип кой»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.
Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн түндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Другие песни исполнителя:

  • Адашып сен экөөбүз эми Өчкөндөй махабаттын деми Байкалбай урап баратабы Тургузган ак сүйүүнүн чеби Түшүнбөйм мен да билбейм деги Билбеймин анын не себеби Биз менен иши жоктой азыр Жай согот салкын күз илеби Кайырма: А балким кайра табышарбыз Кол кармап бирге жанашарбыз Түшүнбөй сезимдерди тунук Таптакыр мүмкүн адашарбыз А балким дүйнө бир кезербиз Махабат деңизди кечербиз Түшүнүп турмушта өйдө ылдыйга Жүрөктөрдөн туюп сезербиз Ак сүйүүм менден алыстаба Адашып жолдон чалыштаба Аябай бакытты берсе эмне Жараткан ченеп карыштаба Мезгил сен алга арыштаба Күч бергиң сезим багынтышка Табигат койнуна жылытчы Махабат үшүп турат суукта
  • Намысымдын урматына сырымды, Көкүрөктүн түпкүрүнө жашырып. Калдым чекене боло албай бир ырга, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Ырдап берем угасызбы, Обон созом угасызбы, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Жок, жок укпа, сыртка чыкпайт ал обон, Кайрыктарын ичтен кайрыйт жүрөгүм. Билмексенге салбайын деп турсам да, Сизди, көздөрүм айтып коёт сүйөрүн. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн. Ырым менин өзүн баркын билбеген, Асыл ташым аттап өтүп өзгөнү. Сизди көргөм көп ичинен миңдеген, Менин, көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм Көздөрүм, ай, сизди сүйгөн, Көргүм келип оттой күйгөн, Көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.