Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак суйуу»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Адашып сен экөөбүз эми
Өчкөндөй махабаттын деми
Байкалбай урап баратабы
Тургузган ак сүйүүнүн чеби

Түшүнбөйм мен да билбейм деги
Билбеймин анын не себеби
Биз менен иши жоктой азыр
Жай согот салкын күз илеби

Кайырма:
А балким кайра табышарбыз
Кол кармап бирге жанашарбыз
Түшүнбөй сезимдерди тунук
Таптакыр мүмкүн адашарбыз
А балким дүйнө бир кезербиз
Махабат деңизди кечербиз
Түшүнүп турмушта өйдө ылдыйга
Жүрөктөрдөн туюп сезербиз

Ак сүйүүм менден алыстаба
Адашып жолдон чалыштаба
Аябай бакытты берсе эмне
Жараткан ченеп карыштаба

Мезгил сен алга арыштаба
Күч бергиң сезим багынтышка
Табигат койнуна жылытчы
Махабат үшүп турат суукта

Другие песни исполнителя:

  • Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп, Толкундар көлдө ойногон. Ак Куудай канат жайган булут, Кылаалап көлдө бойлогон. Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырларындай. Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай. Түнүндө көлдүн көркүн карап, Толгон ай сызып баратат. Ак Куудай көлдүн көркүн карап, Көргөндө көзүң талашат. Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырларындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Махабат ырындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай Чардактар кайкып баспай чуусун, Ысык-Көлүм толкуп жаткан. Учуруп кыздар кардай куусун, Шаңкылдап боорлору каткан. Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Сүйүүнүн ырларындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Махабат ырларындай Ысык-Көл өмүр жыргалындай, Сүйүүнүн ырындай Ысык-Көл жаштык жыргалындай, Махабат ырындай
  • Алгачкы ирет жолукканда, Арбап турган каректериң. Сен коштошуп кетериңде, Өзүмдү алдап мен келет дедим. Кайырма: Ошондогу сен экөөбүз, Таанышкан күн эсиңдеби? Дале менин көз алдымда, Кубанычтар сезимдеги. Узаатаарда жүрөгүңө, Башым жөлөй сен сүйөм дедиң. Ак жүзүңдөн мен аймалай, Кыналышкан эрдиңе эрдим. Кайырма: Биз таанышкан ошол күндү, Эстей жүрсө экен деймин дайым. Жашоомдогу бир жаралган, Менин күнүм сен, менин айым.