Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыссык-кол»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жел жүрсө бийлеп, сайран куруп,
Толкундар көлдө ойногон.
Ак Куудай канат жайган булут,
Кылаалап көлдө бойлогон.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай.
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай.
Түнүндө көлдүн көркүн карап,
Толгон ай сызып баратат.
Ак Куудай көлдүн көркүн карап,
Көргөндө көзүң талашат.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Махабат ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай
Чардактар кайкып баспай чуусун,
Ысык-Көлүм толкуп жаткан.
Учуруп кыздар кардай куусун,
Шаңкылдап боорлору каткан.
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырларындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырларындай
Ысык-Көл өмүр жыргалындай,
Сүйүүнүн ырындай
Ысык-Көл жаштык жыргалындай,
Махабат ырындай

Другие песни исполнителя:

  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.
  • Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк, Бой жеткендер бүт чогулуп, бала көп. Атаандашып жылдыздарга ышкыбоз, Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк. Мен ыргыттым, менден мурда сен жеттиң, Туйганы жок менден башка сени эч ким. Жалгыз менин сезимиме себепкер, Учкандарды көздөрүңө, көздөрүңө чекиттиң. Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк, Бой тарткандар бүт чогулуп, бала көп. Атаандашып жылдыздарга ышкыбыз, Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.