Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак чолмок»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк,
Бой жеткендер бүт чогулуп, бала көп.
Атаандашып жылдыздарга ышкыбоз,
Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.
Мен ыргыттым, менден мурда сен жеттиң,
Туйганы жок менден башка сени эч ким.
Жалгыз менин сезимиме себепкер,
Учкандарды көздөрүңө, көздөрүңө чекиттиң.
Айыл арты шиберлүү саз, талаа көк,
Бой тарткандар бүт чогулуп, бала көп.
Атаандашып жылдыздарга ышкыбыз,
Айлуу түндө биз ойнодук, биз ойнодук ак чөлмөк.

Другие песни исполнителя:

  • Намысымдын урматына сырымды, Көкүрөктүн түпкүрүнө жашырып. Калдым чекене боло албай бир ырга, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Ырдап берем угасызбы, Обон созом угасызбы, Ырдап берем угасызбы, азыр ук. Жок, жок укпа, сыртка чыкпайт ал обон, Кайрыктарын ичтен кайрыйт жүрөгүм. Билмексенге салбайын деп турсам да, Сизди, көздөрүм айтып коёт сүйөрүн. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн. Ырым менин өзүн баркын билбеген, Асыл ташым аттап өтүп өзгөнү. Сизди көргөм көп ичинен миңдеген, Менин, көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм Көздөрүм, ай, сизди сүйгөн, Көргүм келип оттой күйгөн, Көздөрүм, ай, көздөрүм, ай, көздөрүм. Көздөрүм айтып коёт, Өзү эле айтып коет, Көздөрүм, ай айтып коёт сүйөрүн.
  • Атыңдан кагылайын, алтын апа, Алыста жүргөнүмө санаа тартпа. Максаты ар бир жаштын билим алуу, Азыркы гүлдөп турган ушул чакта. Кайырма: Алтын апа, болбочу капа, Кызың үчүн санаа тартпа. Алтын апа, кат жазам сага, Сен мен үчүн санаа тартпа, Алтын апа. Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап, Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап. Максатым адам болуу дал өзүңдөй, Элимдин керегине турган жарап. Кайырма: Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду, Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду. Оболоп жылдыз болуу — улуу максат, Жетелеп иликтирет ойлорумду.
  • Кызганамын өзүнчө, Сүйүп калган өңдүү негедир эле. Карашса үмүттүү, Жылмайышып баары жалгыз сизге эле. Курбу кыздар кызыгышып, Кебетиңизге, келбетиңизге… Кайырма Ах, байке, эгер сизден, Уялбастан барсам алдыңызга ийиле. Кол сунуп, чакырсам, келесизби бийге? Келесизби бийге? Келиңизчи, байке! Жолдошуңуз жанаша, Ачуу сырын салып, карайт го бизди. Көзүмдөн сезсе деп, Карап, күтө берем келишиңизди. Жаным берип сүйбөсөм да, Жактырдым сизди, жактырдым сизди.
  • Кайткан куштун канатынын издерин, Ак булуттун арасынан издедим. Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип, Мен элейип суу тереңин тиктедим. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним. Келген куштун, кереметтүү абанын, Желпип соккон жер бетинен карадым. Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм, Куйкаланды кучагына санаанын. Кайырма: Көрүнбөгөн, табылбаган немени, Тажабастан издей берем мен эми. Адамдарга ааламда жок күч берет, Акыр бир күн аны табам дегеним.