Казахские песни Узбекские песни

Песня «Арноо»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Алгачкы ирет жолукканда, Арбап турган каректериң. Сен коштошуп кетериңде, Өзүмдү алдап мен келет дедим. Кайырма: Ошондогу сен экөөбүз, Таанышкан күн эсиңдеби? Дале менин көз алдымда, Кубанычтар сезимдеги. Узаатаарда жүрөгүңө, Башым жөлөй сен сүйөм дедиң. Ак жүзүңдөн мен аймалай, Кыналышкан эрдиңе эрдим. Кайырма: Биз таанышкан ошол күндү, Эстей жүрсө экен деймин дайым. Жашоомдогу бир жаралган, Менин күнүм сен, менин айым.
  • Мажүрүрм талдай ийилген, Баладай жайнап сүйүнгөн. Жел менен бирге жарышып, Жибектей жеңил жүгүргөн. Желбирип жеңи жарышып Жел менен ойноп алышып. Жебедей жетсең жеритип, Жүрөгүң турсун сайышып. Кайырма: Ойнотчу комузуңду, Ойготчу добушуңду. Күнөстүү жайга конгон, Гүлдөтчү конушумду. Тепкедей тепилдегем, Элжиреп эпилдегем. Желбиреп желден учкан, Өзүңдү желге теңейм. Карегиң жанган чырактай, Караның тамчы сынаптай Кичкентай бойго гүл менен, Кийдиңби көйнөк кынаптай. Кийгеним гүлдөп жарашса, Кичкентай дешип карашса. Көкөлөп учуп көңүлүң,ий, Көпөлөк болуп жанашпа. Талпынган канаттууларым, Тамшанып ичер булагым. Тагдырга жазган татынам, Табылгыс бермет ынагым. Уясы толгон шамы бар, Учурбай кушту багып ал. Аялуу жанды аздектеп, Акбермет кылып тагып ал.
  • Сахна, сахна, жүрөк ыр деп согорун, Ырсыз жашоо кандай кыйын болорун. Ырдаганда, ыйлаганда билсин деп, Ырдан бүткөн кучагыңа ородуң. Кайырма: Сахна, сахна, асыл ырдын жомогу, Алгач менин сен деп чыккан обонум. Ал кездеги кичинекей кара кыз, Асел, Асел деген аймончогуң боломун. Сахна, сахна, сага бердим кечимди, Сактап жүргөн сагынычтуу сезимди. Сага деген саламымды, санаамды, Сага деген саргая элек кезимди. Кайырма: Жакшы ырлар көтөрөт дейт көңүлдү, Жакшылыктар ээлей берсин төрүңдү. Силер келип коштоп, колдоп турсаңар, Мен ыр менен узартайын өмүрдү.