Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досум»
исполнителя Асель Турдалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Канча кар жаап жамгыр жууп
Өчүптүр издер
Канча мезгил канча өмүр көчүптүр бизден
Ал ансайын достуктун
Алтын чынары
Тамыр жайып дүмөлөп өсүптүр бизден

Кайырма:

Чын жүрөктөн чечилип
Сырдашкан досум
Кучак жайып кубанып
Сыйлашкан досум
Үй-бүлөдө жашоодо
Тилегибиз бир
Жакшы жаман күндөрдө
Кыйбас жан досум

Каниете дос болуп
Жаштык оюнга
Курбу болуп эрчишип
Достук жолунда
Бир келебиз сырдашып
Бирге көтөрүп
Бул дүйнөнүн
Ак — көгү бары жогунда

Кайырма:
Кыйын кезде кыйгачтап
Кетпедиң досум
Күйүнсөкта сүйүнсөк
Эстедик досум
Күйгүзөм деп канчалар
Каалаган менен
Күмөндүгүн достуктун
Сезбедик досум

Другие песни исполнителя:

  • Жаз жамгыры жаайт экилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Тереземди улам черткилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Теребел да жашыл түстүү, Бүгүн сулуу өзгөчө. Толкунданат жаш жүрөгүм, Сени гана көздөгөн. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай. Жамгыр мага күүсүн энчилеп, Тахти-тахти-тах-тах. Бул заманда сүйүүм кечигет Тахти-тахти-тах-тах. Сагынычка батынамын, Дале-дале сыздаймын. Кайда жүрсөң, угаттыр деп, Жамгыр ырын ырдаймын. Кайырма: Жашын төккөн жазгы жамгыр булуттардай, Ыйлай бердим бул жашоону унуткандай. Кээде карап күлмүңдөгөн сүрөтүңө, Ыйлай бердим ушул жазды унуткандай.
  • Жайлоонун салкын таныңдай, Жашоонун мөмө шагындай. Жүзүңдөн шаттык ойносо, Жүрөгүм толкуйт Нарындай. Нарындай гүлдүү жагышын, Нарындай өчпөс жарыгын. Саамайын сылап тоо жели, Сагынтат сүйүү жалыны. Билесиң, кызыгын, Анарым, Нарындын кайда агарын. Сен десем жүрөк жалындап, Сергиткен күүнү табамын