Казахские песни Узбекские песни

Песня «Обонумдун ээси сен»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карагаттай көздөн мөлт-мөлт жашын төккөн,
Сүйгөнүнө жетпей, канча өмүр өткөн?
Сени ойлоп дайым, куса болдум, айым,
Кыялга батып, кыйналып жатып,
Сага арнап жаздым бир обон.
Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым,
Ойлорго батып, ойлонуп жатып,
Обонум сага арнадым.
Жашоо берген күн го, жаш өмүрүм гүл го,
Жаштык өтсө сенсиз, өткөргөнүм түн го.
Үмүт өчтү, үмүт, сени күтүп жүрүп,
Кыялга батып, кыйналып жатып,
Сага арнап жаздым бир обон.
Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым,
Ойлорго батып, ойлонуп жатып,
Обонум сага арнадым.
Сени ойлоп дайым. Куса болдум, айым,
Ойлорго батып, ойлонуп жатып,
Обонум сага арнадым.

Другие песни исполнителя:

  • Көрө албастар көргөндөй айтат, Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап. Көксөбөдүм сенден башканы, Көздөрүңдөн алгансың арбап. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Жаным, жаным, жаным, кызганба, Жашоом бирге, жаным садага. Азгырышат, ар кандай айтат, Алыс жүргүн андайдан байкап. Алмаштырбайм сени башкага, Аппак сүйүүм — өчпөс махабат. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба, Гүл сунбаймын башка кыздарга.
  • Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.