FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Кымызын ичип жайлоонун
Аска тоосун аралап
Кыз чачындай өрүлгөнсүп
Мажурум талдай чайпалат
Кайырма:
Кызык экен биздин өмүр
Кызык экен жашчылык
Бирде күлүп бирде кабак бүркөлүп
Укмуш экен ушул дүйнө
Укмуш экен тирүүлүк
Бирде кайгы бирде күлкү
Түрлөнүп
Көгүм төгүп жамгыр менен
Булут өтөт көктөгү
Орго карай жылат аста
Өмүрдүн көктөмү
Тай кулундай кубалашкан
Эске түшөт кечеги
Сансыз ойго миң батасын
Санагы жок эсеби