Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сен төрөлүп, неберем Кемиди го керегем Тосуп чыксаң жүгүрүп, Тоодой толкуп кенейем. Кайырма: Айга-күнгө теңеген, Алмаштыргыс сен элең. Жүгүрөм деп жыгылсаң, Жан бөлүнүп денеден Сен аман бол, неберем. Нурлап жарык күн-түндү, Көп күттүм мен бул күндү. Эч нерсеге кыйбаймын Сенин таза күлкүңдү. Кайырма: Ачып көзүн булактын, Ата жолун уланткын. Чоң энеңди сүйүнтүп, Чоң атаңды кубанткын. Кайырма: Ала-Тоодой бийик бол, Ак мөңгүдөй тунук бол. Айкөл болуп Манастай, Кан Бакайдай улук бол!
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Макул бүгүн балалыкты эскерип Бар куруп бак аралап келелик Боюбузда болсо деле айырма Оюбуз калыптыр го теңелип Моюнуңа кызыл жоолук салынган Чачың өрүп ак бантигин тагынган Бойлуу элең а мен болчум кичине Карабадың мен ошого таарынгам Эх арман ай айтчы болду эмине Чаласыңда чакырасың эмине Бир болмокбуз ошондо эле же балким Кыска дебей алып койсоң теңиңе Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай Жалдактайсың мени карап бет албай Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө Мен бала кезде неге калдым жете албай
  • Кызыл өрүк төгүлгөндөй, Кыздын чачы өрүлгөндөй. Кыз жашырып ал ак сүйүүсүн, Кыйгач карап көңүл бөлбөй. Кайырма: Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Сүйүп калдым мен сени көрүп. Кызыл өрүк, кызыл өрүк, Койчу мага көңүл бөлүп. Кызыл өрүк данегиндей, Кара көздүн карегиндей. Кагып кашың басып кеттиң, Калтырбадың дарегиңди, эй. Кайырма: Кызыл өрүк, азап болдуң, Кызык сүйүү баштап койдуң. Кыздын атын сурай албай, Кызыл өрүк атап койдум.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Желдей жортуп өттү бир күн дагы да, Ал өмүрдүн кетти келбес жагына. Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр, Кеткен күндүн, келээр түндүн баарына. Өтөт күндөр бири-бирине окшобой, Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой. Өрттөй жанып, жалындагын барыңда, Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой. Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын, Бирок, чындык жер алдында жатарың. Падыша бол, кайырчы бол баарыбир, Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.