Казахские песни Узбекские песни

Песня «Омур»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Желдей жортуп өттү бир күн дагы да,
Ал өмүрдүн кетти келбес жагына.
Тирүү туруп болгум келбейт кабатыр,
Кеткен күндүн, келээр түндүн баарына.
Өтөт күндөр бири-бирине окшобой,
Өтөт өмүр бир мүнөткө токтобой.
Өрттөй жанып, жалындагын барыңда,
Өмүрүңдү өкүнүчкө коштобой.
Мейли жүз жыл, мейли миң жыл жашагын,
Бирок, чындык жер алдында жатарың.
Падыша бол, кайырчы бол баарыбир,
Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.

Другие песни исполнителя:

  • Алтын бешигим, түшүмө кирдиң, Ансайын сага арналат сүйүүм. Ырымды сунам, сапарым улайм, Сагынып сени, элестеп улам. Анда мен бала чуркап ойногон, Андагы кыял сезим козгогон. Айлуу түн, кечтер, балалык кездер, Кусадар кылдың эсимден кетпей. Таңдын шооласы, эненин үнү, Таңкы шүүдүрүм, жоогазын гүлү. Айылдын деми, сагындым сени, Баратам сага, тосуп ал мени. Киндик кан тамган туулган жерим, Кадырыңа, эй, жетер бекенмин? Ала-Тоо — жерим, кыргызым — элим, Арча бешигим, Ата Мекеним… Кадырыңа мен жетер бекенмин? Баратам сага тосуп ал мени.
  • Арбайт ар бир кыймылың, Бийчи кызым, махабатым сен, Махабатым сен. Айдан түшкөн ай кызым, Таазим кылам чырайыңа мен, Чырайыңа мен. Жайкалган өрмөлүңдөн, Көзүңдөн мөлмүлдөгөн. Кайырма: Өткүр жаштык, өмүргө сүйүү берген, Жүрө бергин көңүлдө, Жүрөгүмдө бийлей бергин. Ай кызым, ай, ай кызым, Ай кызым менин. Жүрө бергин көңүлдө, Жүрөгүмдө бийлей бергиниң. Жомоктон келдиң ханзаадам, Сулуулардын периси белең, Мен издеген. Байкатпай жүрөк уурдаган, Бийчилердин сыйкыры белең, Мен билбеген. Алтын көкүл саамайыңдан, Аппак жүзүң, маанайыңдан.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Макул бүгүн балалыкты эскерип Бар куруп бак аралап келелик Боюбузда болсо деле айырма Оюбуз калыптыр го теңелип Моюнуңа кызыл жоолук салынган Чачың өрүп ак бантигин тагынган Бойлуу элең а мен болчум кичине Карабадың мен ошого таарынгам Эх арман ай айтчы болду эмине Чаласыңда чакырасың эмине Бир болмокбуз ошондо эле же балким Кыска дебей алып койсоң теңиңе Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай Жалдактайсың мени карап бет албай Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө Мен бала кезде неге калдым жете албай