Казахские песни Узбекские песни

Песня «Узун кызга»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс
Макул бүгүн балалыкты эскерип
Бар куруп бак аралап келелик
Боюбузда болсо деле айырма
Оюбуз калыптыр го теңелип

Моюнуңа кызыл жоолук салынган
Чачың өрүп ак бантигин тагынган
Бойлуу элең а мен болчум кичине
Карабадың мен ошого таарынгам
Эх арман ай айтчы болду эмине
Чаласыңда чакырасың эмине
Бир болмокбуз ошондо эле же балким
Кыска дебей алып койсоң теңиңе
Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай
Жалдактайсың мени карап бет албай
Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө
Мен бала кезде неге калдым жете албай

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Тагдыр калчап сага берген көңүлдү, Таалайымдан тартып алган өңдүүбү? Тереңине күйүп, түптөп баратам, Термеле тигилбей кара көзүңдү. Күдөр улап гүлүм, Күтпө, жаным, бүгүн. Кыйнаса да сени, Кыйбаган сүйүүм. Болсоң жары кимдин, Боздоп калам билгин. Сезим жандай түнөм, Сен менен бирмин. Көңүл көксөп сени күндө чакырды, Көтөр албай күйүт берген басымды. Көксөгөнмүн сендик ордум таба албай, Сүйүү деми мынча эрте басылды. Кайырма: Ишенбей акыры кош деген сөзгө, Ичим күйүп жаштар көлкүлдөп көзгө. Билем, жаным, менсиз таттуу турмушуң, Бийигине алып кетериң өзгө.
  • Экөөбүз жолукчу жер, колдүн жээги аба салкын, Күнүгүдөн баскандарың бүгүн, эртең арбын-арбын. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп жолугаарда ойго чөктүм Оюмда эч нерсе жок кучактасам Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң. Махабат бооруң ташпы, агыздыңго көздөн жашты, Бактымды кармай албай бул сүйүүдөн көңүл калды Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча. Алтыным кош болгун деп кете бердиң Көзүмдөн акты жашым узаганча… Кызарып күн жаңыдан тоого кире баткан эле, Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле. Кааларым бакыт кушун табарыңды, Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды. Кош эми түбөлүккө бактылуу бол Унутпа сени сүйгөн адамыңды. Унутпа сен деп жүргөн адамыңды.