Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унутпачы Новая»
исполнителя Мирлан Баеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Экөөбүз жолукчу жер, колдүн жээги аба салкын,
Күнүгүдөн баскандарың бүгүн, эртең арбын-арбын.
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугаарда ойго чөктүм
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.

Махабат бооруң ташпы, агыздыңго көздөн жашты,
Бактымды кармай албай бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле дагы канча,
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча.
Алтыным кош болгун деп кете бердиң
Көзүмдөн акты жашым узаганча…

Кызарып күн жаңыдан тоого кире баткан эле,
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле.
Кааларым бакыт кушун табарыңды,
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды.
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.
Унутпа сен деп жүргөн адамыңды.

Другие песни исполнителя:

  • Жаңырган айлуу түндү жамынайын, Жол тартып мен өзүңө камынайын. Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам, Жайдары тосуп алчы Жаңылайым. Кайырма: Жаңылайым менин жаным, ай, Агарып аткан таңым, ай. Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун, Болсоң жарым, ай… Көзүңө карегиңе багынайын, Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын. Көзү өтүп кетишпесин башкалардын, Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Макул бүгүн балалыкты эскерип Бар куруп бак аралап келелик Боюбузда болсо деле айырма Оюбуз калыптыр го теңелип Моюнуңа кызыл жоолук салынган Чачың өрүп ак бантигин тагынган Бойлуу элең а мен болчум кичине Карабадың мен ошого таарынгам Эх арман ай айтчы болду эмине Чаласыңда чакырасың эмине Бир болмокбуз ошондо эле же балким Кыска дебей алып койсоң теңиңе Бүгүн турдум сенин жаныңдан кете албай Жалдактайсың мени карап бет албай Эмнегедир бүгүн жеттим жүзүңө Мен бала кезде неге калдым жете албай
  • Көрө албастар көргөндөй айтат, Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап. Көксөбөдүм сенден башканы, Көздөрүңдөн алгансың арбап. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Жаным, жаным, жаным, кызганба, Жашоом бирге, жаным садага. Азгырышат, ар кандай айтат, Алыс жүргүн андайдан байкап. Алмаштырбайм сени башкага, Аппак сүйүүм — өчпөс махабат. Кайырма: Мен өзүңдөн алыс чыкканда, Ишенбечи ушак уксаң да. Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба, Гүл сунбаймын башка кыздарга.